Палестинаны колдогон миңдеген демонстранттар Нью-Йоркто Палестинага колдоо көрсөтүү үчүн манифестацияга чыгышты. Бул тууралуу жеринен ТАСС агенттигинин кабарчысы билдирди.
Акция Американын улуттук майрамы болгон Эмгек күнүнд өткөрүлдү. Аны активисттердин Within Our Lifetime уюму уюштурган.
Вашингтон-сквер аянтына чогулгандар Палестина элин колдогон ураандарды кыйкырып, Газа тилкесиндеги жаңжалды токтотууга чакырышты.
Алардын плакаттарынан “Палестинага эркиндик”, “Газадагы ок атууну азыр токтоткула” деген сөздөрдү окууга болот. Мындан тышкары, демонстранттар Палестинанын желектерин, айрымдары Американын администрациясын сындаган ураандар жазылган плакаттарды да көтөрүп чыгышты.
Акция өткөн жерде полициянын күчөтүлгөн отряддары жүрдү, бирок акция тынч мүнөздө өттү.
Эске салсак, 2-августта Палестинаны колдоо акциясы Ирландияда өткөн. Анда демонстрацияга катышкандар Израиль режиминин Палестинага кол салууларынын токтотулушун талап кылышып, Газа калкы менен тилектештик билдиришкен.
Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин соккусунан каза болгондордун саны 40 738ге жетип, жаракат алгандардын саны 94,1дөн ашты.



















