Дагы 2 498 адам, анын ичинде 589 чет өлкөлүк жаран дайынсыз жоголгондордун катарында.
Кытай менен чек арага жакын жайгашкан Непалдын Расува районунда жана ага чектеш аймактарда болгон суу ташкынынан каза болгондордун саны 734 адамга жетти.
Кытай менен чек арага жакын Непалдын аймактарын каптаган табигый кырсыктан улам суу агымы алып кеткен адамдарды издөө жана куткаруу иштери уланууда.
Кырсык тобокелдигин азайтуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Улуттук башкармалык жарыялаган маалыматтарга ылайык, ушул убакка чейин суу ташкынынан жабыркаган ар кайсы аймактардан 734 адамдын сөөгү табылды.
Жабыркаган аймактарда издөө иштери жана каза болгондордун өздүгүн аныктоо улантылууда. Дагы 2 498 адамдын, анын ичинде 589 чет өлкөлүк жарандын тагдыры тууралуу азырынча маалымат жок.
Непалдын бийлиги Бхотекоши дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөндөн кийин жаңы суу ташкындары болушу мүмкүн экенин эскертип, жабыркаган аймактардын тургундарын өзгөчө сак болууга чакырды.
Буга чейин Непалдагы суу ташкынынын кесепетинен Кытайдын Тибет автономиялуу районунда каза болгондордун саны жети адамга жеткени маалымдалган.
Эксперттер мөңгүнүн урашын негизги себеп катары көрсөтүүдө
Суу ташкыны Непалдын Расува районунда 26-августта болгон. Маалыматтарга караганда, катуу суу агымдары ондогон көпүрөлөрдү талкалап, жолдорго зыян келтирген. Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн тик учактар жөнөтүлгөн.
Башында суу ташкынына чейин жер титирөө болгонун билдирген АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) кийинчерээк маалыматтарын жаңыртып, күчү 5,2 баллга жеткен сейсмикалык активдүүлүккө мөңгүнүн урашы себеп болгонун билдирди.
Катмандуда жайгашкан Тоолуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун эксперттери суу ташкыны аймактын тоолуу бөлүгүндө мөңгүдөн бөлүнүп түшкөн бөлүктөр түрткү берген кар көчкүнүн натыйжасында болгонун билдиришти.

















