Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Назира Бейшебаева, нефролог; “Гемодиализ алгандардын 50 пайыздан көбү жаштар”

  • Интервью
  • 14.02.2024 12:21

Loading

Жакында президент Садыр Жапаров өлкөбүздөгү 2500гө жакын гемодиализ алган адамдардын бөйрөгүнө жасата турган операция мамлекет тарабынан каржылана тургандыгын айтты. Бул орточо ар бир ооруулуу үчүн 14-15 миң доллардын тегерегинде болууда. Негизи эле эмне үчүн акыркы кезде бөйрөк илдетине кабылгандар көбөйүүдө жана анын себептери эмне? Биз бул суроолорго жооп алуу үчүн нефролог Назира Адылбековна Бейшебаевага кайрылдык.

-Назира Адылбековна, оболу бөйрөк оорууларынын келип чыгышынын себептерине токтоло кетсеңиз?

– Адам баласынын жашоосунун негизи ден соолук эмеспи. Ден соолуктун чыңдыгы же оорууга чалдыгышына көптөгөн жагдайлар таасирин тийгизет. Мисалы, азык-түлүктүн тазалыгы, туура тамактануу, жашоо шарты, жашаган жеринин мүмкүнчүлүгү, жумушу жана башка толтура эске ала турган себептер бар.
Бирок, биринчи эле тамак-аштын таасир этүү мүмкүнчүлүгү жогору. Ошондуктан бөйрөк ооруусу биринчи орунда турат.

Тема боюнча

Кыргызстанга Түркиядан органдарды трансплантациялоо боюнча адистер келди

Кыргызстанга Түркиядан органдарды трансплантациялоо боюнча адистер келди

12.03.2024

Бул ооруунун 100 пайыз сакайган түрлөрү да болот. Эске алуучу маселе, адамдын жаш курагы канчалык улгайган болсо, сакайуу процесси оорураак, ал эми жаш болсо жеңилирээк өтөт. Көзөмөл  талапка ылайык болсо, бөйрөктүн иштеши 40, 50 жаштан 60 жашка чейин өзүнүн милдетин алып бериш керек. Статистикага ылайык, геомодиализ алып жаткандар 2500дөн ашык болсо, 50 пайыздан көбү жаштар. Тагыраагы жыйырма сегиз жаштан баштап отуз жашка чейинки жаштар көбүрөөк. Бул курак жашоонун кызыгынын үстүндө жашай турган убак.

Бизде азыр, бөйрөк оорусу менен катар келе жаткан ооруу кан басым. Бул ооруу өтө курч маселе. Себеби, кан басым – жүрөк кан тамырлар жана бара бара бөйрөк оорусуна алып келет. Ошондуктан ден-соолукка кам көрүүдө бир эле медициналык жактан эмес, адеп-тартип, гигенага да кам көрүш керек.

-Бөйрөк ооруну жашарып кетти деп түшүнсөк болобу?

– “Жашарып кетти” деп айтсак бул статистика түрүндө такталган эмес, бирок бөйрөк оору жашарганы байкалат. Анткени, жашоонун сапаты өзгөрүлдү. Жашоо шарттын ар кандай себептери таасирин тийгизүүдө. Жаштардын бөйрөк оорусуна кабылышына көбүнчөсү мигарциялык агым да чоң роль ойноп жатат. Анын үстүнө биздин жаштар ден-соолугун аныктабай туруп эле чет мамлекетке чыгып кетип жатышат. Бир-эки жылдан кийин бөйрөгүм ооруп гемолиализге түшүп калдым деп келишет. Ошондуктан маселени тереңинен караш керек.

-Бул дарт боюнча Президент Садыр Жапаров гемодиализде жаткан жарандардын бөйрөк операциясына кеткен каражатты өкмөт төлөп берет деди. Операциядан кийинки чыгымдарды ким көтөрөт?

-Негизи бул бөйрөктү трансплантациялоо операциясы өтө назик жол. Муну атайын борборлор терең изилдөө кылып, чечим чыгарыш керек.

Себеби, бир бөйрөгүн трансплататция кыла турган адамдын да ден соолугу операциядан кийин эч кандай өзгөрүлбөөгө тийиш. Бул медициналык биринчи кадам. Ага чейинчи чечим үй-бүлөлөрдүн чечими. Мына ушундан кийин гана биз ооруулуну даярдайбыз. Менин оюмча, бөйрөк трансплантациясы жарандарга мүмкүнчүлүктү кеңейтти. Бул жакшы нерсе. Деген менен, жашоонун өзгөрүлушүн биз баарыбыз билебиз. Эгер ал адам бөйрөгүн бергенден кийин, жашоонун тартибин, маанисин түшүнбөй өмүр сүрсө , ал ден соолук бузулат. Буга, жасалган операция себеп эмес, өмүр сүрүүнүн тартиби роль ойнойт. Мисалы, оор жумуш иштеп, өзүн карабай, туура тамактанбай жаман адаттарды колдонсо, албетте ал кайра гемодиализге түшүп калуу ыктымалдуулугу бар. Ошондуктан өтө этият мамиле жасоого чакырабыз. Эгер, биз изилдеп жаткан учурда ден соолугунда кандайдыр бир маселе болсо, ага донорлукка уруксат бербейбиз.

Бир адамдын бөйрөгүн трансплатациялоого 7500 АКШ доллары кетет. Ал эми гемодиализде жашап жаткан учурда жылына 1 миллон сомдон ашык каражат керектелет. Бул жерде эки эсе көп кетип жатат. Бирок, операциядан кийин мынчалык каражат кетпейт. Ашып кетсе биринчи 6 айдын ичинде ооруулунун жеке чөнтөгүнөн 350, 400 доллардын тегерегинде кетиши мүмкүн. Алты айдан кийин 7-8 миңдин тегерегинде чыгаша болот.

Мен оорулуу менен сүйлөшүүдө өтө этияттык менен “Сиз ойлонуп жатышыңыз мүмкун, операция гана маселени чечет”,- деп. Жок, жашоонун жоопкерчилиги, жашоонун маанисин туура көтөрүп кетүү операциянын эртеси күнү эле башталат. Качан сиз мунун туура маанисин түшүнсөңүз, жоопкерчиликтүү тартипке келсеңиз рахат менен өмүр сүрөсүз. Жок, эгер Сиз жашоо тартибин бузсаңыз, бир айдан кийин кайра эле гемодиализге кайра отурушуңуз мүмкүн.

-Бөйрөк ооруулары боюнча атайын даярдыктагы адистер барбы? Өлкө боюнча канча гемодиализ борборлору бар?

-Борбордо бардык адистиктер боюнча да, тишешелүү шаймандар баары жетиштүү. Бирок, бөйрөк алмаштыргандан кийин көзөмөл жүргүзө турган адистер өтө аз. Ошон үчүн азыркы учурда тарнсплатациялоодон кийинки учурду көзөмөлдөөгө алууга басым жасашыбыз керек болуп турат. Бул адистик боюнча азыр бизде кадр жетишсиз. Бизде азыркы учурда Ош шаары боюнча эки адис врач бар.

Негизи, операциядан кийин өзгөчөлүктөр өтө көп жана башкачараак. Анткени, бөйрөк алмаштыргандан кийин  ар кандай себептер менен кайра гемодиализге түшуп калбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Анткени, жылына болжолу беш-алты адам бөйрөк алмаштыргандан кийин кайра гемодиализге отурат. 3-4 адам ар кандай себептер менен көз жумат. Эскерте кетүүчү нерсе, адамга кайсы жактан операция жасалганы эмес, анын ден соолукка туура мамиле жасоосунан көп нерсе көз каранды.

-Буга чейин 2500дөн ашык жаран гемодиализ алып жаткан болсо, бюджеттен канча суммадагы акча каражаты бөлүнүп турган. Эми бул сумма канча пайызга кыскарышы мүмкүн?

-Экономикалык жактан алып караганда бир топ эле айырмачылык бар. Эконмика адиси болбогонума байланышуу так айта албайм. Бирок, менин байкаганым, мурда бизде гемодиализдин атайын борборунун жоктугу курч маселе болчу. Бул убагында чечилген. Бирок, гемодиализге кирген адам көп, чыкккан адам жокко эсе болуп турган. Эми бөйрөктү трансплатациялоодон кийин, гемодиализден чыккан адамдардын катары көбөйөт.
Менимче, экономикалык жактан да бир топ каражаттын сакталышына өбөлгө болот деген пикирдемин.

-Дагы бир токтоло кетүүчү нерсе, адамдар арасында орган сатуу маселеси жаралып, “бөйрөк сатуу” бизнеси жаралбайбы?

– Бөйрөктү трансплатациялоонун алдында бир канча кадамдагы изилдөөлөр бар. Эгер оорулуу тарап жашыра турган болсо да чыгат. Анткени, биз изилдөөлөрдүн негизинде 5 тепкичке келгенде бүт тастыктап бүткөндө анализ чыгат. Мына ошондо гана уруксат берилет. Бул процесске мамлекеттик нотариустан “тууган экендиги анык” деген жолдомо алдырып келебиз. Эгер нотариус муну далилидеп бере албаса, бүт кылган мээнети текке кетет. Нотариус мыйзам чегинде  тактап берет. Мүмкүн, кандайдыр бир тааныш, билиштик менен нотариустан документ тууралап берип, бир убакта чыгып кала турган болсо, анда жоопкерчилик нотариуста болот. Ошондуктан бул жерде текшерүүнүн жыйынтыктары тыкыр көзөмөлдө болот.
-Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Буюрса, сиздердин аракетиңиздер менен биздин жарандардын ден-соолугу калыбына келип, сакайып кетишине тилектешмин.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: бөйрөк алмаштыруугемодиализ
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштырылат

Биринчи жолу жасалган боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады

11.06.2024
Кыргызстанга Түркиядан органдарды трансплантациялоо боюнча адистер келди

Кыргызстанга Түркиядан органдарды трансплантациялоо боюнча адистер келди

12.03.2024
Кыргызстандык дарыгерлер  Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтөт

Кыргызстандык дарыгерлер  Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтөт

08.02.2024
Садыр Жапаров: Гемодиализде жаткандардын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды өкмөт төлөп берет

Садыр Жапаров: Гемодиализде жаткандардын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды өкмөт төлөп берет

06.02.2024
2 685 бейтаптын бөйрөгүнө бекер операция жасалат

2 685 бейтаптын бөйрөгүнө бекер операция жасалат

05.02.2024
Кыргызстанда биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

Кыргызстанда биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

30.08.2023

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.