Eurasiatoday
Жекшемби, 03-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргызстанда биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

  • Илим, ТОП жаңылыктар
  • 30.08.2023 12:57

Loading

Бүгүн, 30-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалган Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.

Оорукана жетекчилиги мекеме мындай операцияларды толугу менен ишке ашыра баштаганын, бул үчүн ооруканага квалификациялуу медициналык кызматкерлер тартылып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө теңдеши жок заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди.

Тема боюнча:

Дүйнөдө биринчи жолу көздү алмаштыруу операциясы АКШда жасалды

Дүйнөдө биринчи жолу көздү алмаштыруу операциясы АКШда жасалды

10.11.2023

Мындан тышкары учурда Түркиядан келген 140 медициналык адис Кыргызстанда эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди иш жүзүндө үйрөтүшөт. Бул мезгилде ата мекендик адистер тажрыйба топтоп, бөйрөк алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай башташат.

Мамлекет башчысы биринчи жолу ички органдарын трансплантациялоодон өткөн бейтаптарды көрүп, алардын ден соолугунан, ал-акыбалынан жана медициналык мекемеде болуу шарттарынан кабар алып, алардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Садыр Жапаров эми өлкө жарандарына өтө маанилүү жана кымбат баадагы операцияларды жасатуу үчүн алыскы чет өлкөлөргө баруунун кажети жоктугун канааттануу менен белгиледи. Чет өлкөдө 50-60 миң АКШ доллары өлчөмүндө эбегейсиз чыгым болсо, Кыргызстанда ушундай операцияга 10 миң долларга жакын каражат керектелет. Мындай арзан баада ата мекендик адистер башка өлкөлөрдөн келген бейтаптарды да тейлей алышат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар, ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Ошентип, жыл ичинде бул процедураларды төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүүдө. Эми өлкөдө ички органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жасоо мүмкүнчүлүгү түзүлүп, бул бюджеттик каражаттар башка социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багыттаса болот.

1 of 7
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

Мамлекет башчысы Түркия Республикасынан келген дарыгерлерге кайрылып, кыргыз тарапка көп жактуу колдоо көрсөтүп келе жаткан бир тууган Түркияга жеке өзүнүн жана кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда Садыр Жапаров өлкөгө келген 140 адис ар кандай каалоо-тилектери менен кайрыла аларын, кыргыз тарап аларга Кыргызстанда ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттарды түзүүгө милдеттенерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, келечекте мындай операцияларга чет өлкөлүк жарандар тарабынан суроо-талап күчөсө, анда бул тармакты дагы да өнүктүрүү жана кеңейтүү зарыл.

Мамлекет башчысы кошумча медициналык имараттарды куруу жана көбүрөөк сандагы бейтаптарды кабыл алуу үчүн бул медициналык мекеме жайгашкан жердин аянтын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну тапшырды.

Ооруканага болгон иш сапарынын соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө жана медициналык кадрларды даярдоого кошкон зор салымдары үчүн Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Европа Биримдиги жана тышкы байланыштар боюнча башкы директору Кылыч Селамини жана Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик ооруканалар башкы башкармалыгынын департамент башчысы Ташкын Мустафаны Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйлады.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: бөйрөк алмаштыруумедицина
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

27.11.2023
Дүйнөдө биринчи жолу көздү алмаштыруу операциясы АКШда жасалды

Дүйнөдө биринчи жолу көздү алмаштыруу операциясы АКШда жасалды

10.11.2023
Баткенде кургак учук менен ооругандарды колдоо акциясы өттү

Баткенде кургак учук менен ооругандарды колдоо акциясы өттү

06.10.2023
Кыргызстан жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылаган «Медтроник» компаниясы менен кызматташат

Кыргызстан жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылаган «Медтроник» компаниясы менен кызматташат

22.09.2023
Япония Улуттук кардиология жана терапия борборуна заманбап эхокардиограф аппаратын тапшырды. Сүрөт

Япония Улуттук кардиология жана терапия борборуна заманбап эхокардиограф аппаратын тапшырды. Сүрөт

15.09.2023
Кореянын ыктыярчы дарыгерлери кыргызстандыктарды акысыз текшерип, дарылайт

Кореянын ыктыярчы дарыгерлери кыргызстандыктарды акысыз текшерип, дарылайт

31.05.2023

Башкы жаңылыктар

 С. Жапаров Дубайда  бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолукту

 С. Жапаров Дубайда  бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолукту

02.12.2023
Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

30.11.2023
ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

28.11.2023
Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлери Газадагы кырдаалды талкуулашты

Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлери Газадагы кырдаалды талкуулашты

27.11.2023
Кыргызстан Ооганстанга 100 тонна гумжардам жөнөтөт

Кыргызстан Ооганстанга 100 тонна гумжардам жөнөтөт

27.11.2023
Газадан Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды

Газадан Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды

27.11.2023

Валюталар курсу

27
Узнаем возраст наших посетителей

Сколько вам лет

Экономика

А. Жапаров Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

А. Жапаров Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

30.11.2023
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 70 млн евродон ашык жардам берет

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 70 млн евродон ашык жардам берет

29.11.2023
Лондондо кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө

Лондондо кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө

29.11.2023
Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

27.11.2023
Улуу Британиялык ишкер менен Кыргызстанга завод куруу боюнча сүйлөшүү болду

Улуу Британиялык ишкер менен Кыргызстанга завод куруу боюнча сүйлөшүү болду

27.11.2023
Жылуулук энергиясы жана ысык суунун тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди

Жылуулук энергиясы жана ысык суунун тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди

27.11.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.