Шаршемби күнү НАТОнун мүчө мамлекеттеринин лидерлери Нидерланддарда өткөн саммиттен кийин бири-бирин коргоого берилгендиктерин тастыктап, АКШнын президенти Дональд Трамп талап кылгандай, коргонууга кеткен чыгымдарды ИДПнын (ВВП) 5% деңгээлине чейин олуттуу көбөйтүүнү колдошту.
Reuters агенттиги билдиргендей, жаңы максат – алдыдагы 10 жыл ичинде жетиши керек болгон көрсөткүч – азыркы 2%дык максатка салыштырмалуу жылына жүздөгөн миллиард доллар кошумча чыгым болорун түшүндүрөт. Ошол эле учурда, бул жаңы 5% башкача ыкма менен эсептелет.
НАТОго мүчө-өлкөлөр төмөнкүдөй милдеттенмелерди алышты:
3,5% ИДП негизги коргонуу каражаттарына, мисалы, аскерлерге жана курал-жаракка жумшалат;
1,5% ИДП кеңири коргонуу чараларына, мисалы, киберкоопсуздукка, куурларды коргоого жана оор аскердик техникаларды кабыл алуу үчүн жолдор менен көпүрөлөрдү ылайыкташтырууга бөлүнөт.
НАТОнун беш пункттан турган билдирүүсүндө, чыгымдарды көбөйтүү максаты Трамптын талабына гана жооп болбостон, европалыктардын Россиядан улам күчөгөн коопсуздук коркунучуна болгон тынчсыздануусуна да байланыштуу экени белгиленет. Бул – 2022-жылдагы Украинаны басып кирүүдөн кийинки абал.
32 союздаш өлкө кол койгон кыскача коммюникеде:
«Биз Вашингтон келишиминдеги 5-беренеде бекитилген, бир мүчөгө болгон чабуул — бардыгына болгон чабуул деген жамааттык коргонууга болгон туруктуу берилгендигибизди ырастайбыз», – деп айтылат.
НАТОнун Башкы катчысы Марк Рютте саммитти өзү туулган Гаага шаарында өткөрүп жатып, мындай деди:
«НАТО мындан ары күчтүүрөөк, адилеттүүрөөк жана көбүрөөк сокку уруучу альянс болот».

















