Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) НАТО өлкөнүн чек арасына жакын аймакта ядролук машыгууларды баштагандыгын билдирди.
Директордун биринчи орун басары — ФККнын Чек ара кызматынын жетекчиси армиянын генералы Владимир Кулишов НАТО Россиянын чек арасынын жанында өлкөнүн аймагына ядролук сокку уруу боюнча машыгууларды өткөрүп жаткандыгын билдирди. Анын сөзүн РИА Новости билдирди.
Кулишов россиялык чек аранын жанында НАТОнун чалгынчылык ишмердүүлүгүнүн активдүүлүгү жанданып жаткандыгын билдирди. Мындан тышкары альянстын аскерлеринин ыкчам-күжүрмөн даярдыгынын интенсивдүүлүгү жогорулоодо. Бул иш чаралардын жүрүшүндө НАТО күчтөрү Россияга каршы өлкө аймагына ядролук сокку жасоочу планы менен күжүрмөн аракет көрүүнүн варианттарын иштеп чыгууда.
«Мунун баары бизден чек арабызды коргоо жана душманга тиешелүү жооп кайтаруу боюнча адекваттуу чараларды көрүүнү талап кылат», — деп белгиледи ФККнын Чек ара кызматынын өкүлү.
Мындан мурда Кулишов Батыш Украина менен чектешкен аймактарды дестабилдештирүү үчүн фейктерди ишке киргизерин билдирген. Анын айтуусунда, уюмдар маалыматтык-психологиялык операцияларды жүргүзүп, анын жүрүшүндө антироссиялык маалыматтар таркатылат.



















