Кошмо Штаттар ар дайым дүйнөгө эл аралык мамилелердин бир полярдуу системасын таңуулоого умтулуп келген.
Бул тууралуу Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары, генерал Азиз Насирзаде Эл аралык коопсуздук боюнча XI Москва конференциясынын алкагында билдирди.
«АКШ ар дайым дүйнөгө эл аралык мамилелердин бир уюлдук системасын таңуулоого аракет кылып келген”, – деди Насирзаде.
Ал ошондой эле Америка Кошмо Штаттары бүткүл дүйнөдө аскердик кризистерди жаратууда чоң роль ойноп келгенин жана учурда да ойноп жатканын белгилеп, Вашингтон дүйнөлүк саясатта өзүнүн гегемониясынын бүтүшүнө чыдабай турганын айтты.
Насирзаде Россияга РФ Коргоо министри Сергей Шойгунун чакыруусу менен жогорку даражалуу аскердик делегациянын башында “Армия-2023” эл аралык аскердик-техникалык форумуна катышуу үчүн 14-августта келген.
Россиянын Коргоо министрлиги тарабынан уюштурулган Эл аралык коопсуздук боюнча XI Москва конференциясына 76 өлкөдөн 800дөн ашык делегат, анын ичинде коргоо министрлери, коргоо министринин орун басарлары, башкы штабдын башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана аскер эксперттери катышууда.
Форум эл аралык коопсуздуктун эң актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн абройлуу аянтча болуп саналат.