Ормуз кысыгында дагы үч мунай ташуучу танкер минага кабылып, өрттөнгөнүн Press TV телеканалы Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аскер-деңиз күчтөрүнүн билдирүүсүнө таянуу менен кабарлады.
«Акыркы бир нече сааттын ичинде Ормуз кысыгында үч мунай ташуучу танкер минага кабылып, өрттөндү», — деп айтылат Press TV телеканалынын Telegram-каналындагы билдирүүдө.
Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жана суюлтулган жаратылыш газын ташуудагы негизги деңиз жолдорунун бири болуп саналат. АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы 28-февралда башталгандан кийин бул кысык аркылуу кеме каттамы олуттуу түрдө чектелген.
Тегеран өз талаптары аткарылмайынча, анын ичинде АКШнын деңиз блокадасы жана санкциялары алынмайынча, чектөөлөрдү сактап турарын билдирген.
Айрым кемелер кысык аркылуу өтүп жатканына карабастан, бул аймактагы кеме каттамынын интенсивдүүлүгү жаңжал башталганга чейинки деңгээлден кыйла төмөн бойдон калууда.
Иран буга чейин Ормуз кысыгы аркылуу өтүүнү көздөгөн бардык кемелер Тегеран тарабынан белгиленген маршрутту гана колдонушу керектигин эскерткен. Иран тарап бул талапты деңиздеги коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактагы кырдаалды көзөмөлдөө зарылдыгы менен байланыштырган. Ошондой эле белгиленген маршруттан тышкары багытта жүргөн кемелерге карата тиешелүү чаралар көрүлүшү мүмкүн экенин билдирген.

















