Борбор калаадагы Улуттук тарых музейинде Эл аралык салттуу Музейлер күнүнѳ карата “Музейдеги түн” акциясы ѳткѳрүлүп, бир эле мезгилде 70ге жакын иш-чара уюштурулат.
Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чара 18-майда , саат 17.00дѳн – 22.00гѳ чейин өтүп, ага 5 миңден ашуун кѳрүүчүлѳрдүн катышуусу күтүлүүдө.
“Музей кѳрүүчүлѳрү жана сүйүүчүлѳрү үчүн экспозиция залдарында тарыхый персонаждардын образдарын чагылдыруу, авиация моделдерин, турак жай макеттерин жасоо, улуттук оюндар, живопись жана скульптура ж.б. түрдүү ѳнѳрлѳр боюнча мастер-класстар менен дүйнѳ элдеринин маданий ѳзгѳчѳлүктѳрүн чагылдырган япон элинин оригамилери, кытайдын каллиграфиялык сулуу жазуу ыкмасы, чай ичүү церемониясы, индиянын пластикалык бийлери тартууланат”, – деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын алкагында манасчылар, тѳкмѳ акындар, ырчылар жана бий-күү топторунун турган ѳнѳр адамдарынын кызыктуу концерттик программасы, КР Коргоо министрлигинин аскердик оркестринин салтанаттуу жүрүш ѳнѳрү жана “Аталар изи” коомдук фондусунун кыргыз улуттук кийимдеринин этно-модасы кѳрсѳтүлѳт.
Ошондой эле уз чеберлер кыргыздын салттуу элечек ороо, кыздын чачын ѳрүү, ийик ийүү сыяктуу эзелки элдик ѳнѳрлѳрүн кѳрүүчүлѳргѳ үйрѳтѳт. Улуттук баш кийимдердин жаңыланган түрлѳрү менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлѳт.
Ал эми салтанаттуу жыйындар залында Балдардын жана ѳспүрүмдѳрдүн Улуттук “Сейтек” борборунун жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын улуттук борборлору тарабынан элдердин ынтымагын бекемдѳѳгѳ арналган концерттик номурлары аткарылып, жаратылышты коргоо боюнча тасма кѳрсѳтүлүп, викториналар ойнотулат.
“Музей кыргыз элинин нарк дүйнѳсүн, тарыхын, маданиятын салтка айланган акция аркылуу жайылтуу жана пропагандалоо менен, музейлердин ролун кѳтѳрүүчү негизги миссиясынын бир багытын жүзѳгѳ ашырат”, – деп белгиленет билдирүүдө.