Бийлик эки адамдын каза болгонун, калктын эвакуацияланып жатканын жана өлкөнүн түндүгүндө катуу шамалдардын коркунучу бар экенин билдирди.
Филиппинге жааган муссон жамгырлары жана тайфундар өлкө боюнча 100 миңден ашуун адамга таасир этти, алардын көпчүлүгү коопсуз аймактарга эвакуацияланды. Бул тууралуу Филиппиндин Жаңылыктар агенттиги (PNA) Улуттук кырсыктар тобокелдигин азайтуу жана башкаруу кеңешине (NDRRMC) шилтеме берүү менен билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, аба ырайынын бузулушу өлкөнүн ар кайсы аймактарында 28 миңден ашуун үй-бүлөнү жабыркатты. Эвакуациялык борборлорго 187 үй-бүлө жайгаштырылды, дагы 173 үй-бүлө борборлордон тышкары убактылуу баш паанек тапты.
Бийлик билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, дагы 2 киши жаракат алды, 5 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде.
Филиппиндин метеорологиялык бюросу (PAGASA) «Рагаса» тайфуну түндүк-чыгыш жээгине жакындап келе жатып супертайфунга чейин күчөгөнүн, ал Бабуян аралына жетерин же жанынан өтөрүн эскертти. Жергиликтүү тургундарга кыйратуучу шамалдар тууралуу эскертүүлөр берилди.
«Рагаса» 16-сентябрда Тынч океандын батыш бөлүгүндө тропикалык бороон катары пайда болгон, бирок бара-бара күчөп, шамалынын ылдамдыгы саатына 260 чакырымга жеткен супертайфунга айланган. Ушуга байланыштуу Филиппинде, Тайванда жана Гонконгдо шамал жана өзгөчө кырдаал боюнча эскертүүлөр жарыяланды.
Синоптиктердин айтымында, быйылкы Тынч океандагы биринчи супертайфун Филиппиндин түндүгүнө жана Тайвандын түштүгүнө таасир эткенден кийин Баси кысыгы аркылуу батышты көздөй жылып, Кытайдын түштүк жээгине жана Вьетнамдын түндүгүнө жетиши мүмкүн.
















