РФ президенти Владимир Путин Филиппинде өтө турган АСЕАН саммитине чакырылат, Манила анын сапарына үмүттөнүп жатат деп «РИА Новости» агенттигине Филиппиндин Россиядагы элчиси Игорь Байлен маек куруп билдирди. Келерки жылы Филиппин АСЕАНга төрагалык кылат.
«Протокол боюнча биз, албетте, кайрадан Россия президентин АСЕАНдын өнөктөштөрү менен диалог сессиясына чакырабыз», — деди элчи. Анын айтымында, буга чейин төрт филиппин президенти Россияда болгон, бирок «Россия азырынча мындай сапар менен жооп кайтара элек».
Быйылкы жылы АСЕАН саммити октябрь айында Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда өтөт. Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин маалыматына ылайык, РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп чакырылган, бирок азырынча ырастоо болгон жок. Кытайды мамлекеттик кеңештин премьери Ли Цян өкүлчүлүк кылат. Ошондой эле Бразилия менен Түштүк Африканын президенттери Луис Инасиу Лула да Силва жана Сирил Рамафоса күтүлүүдө.


















