Июнь айынын аягынан бери Пакистанда уланып жаткан муссондук жаан-чачындар ири көлөмдөгү селге алып келип, анын кесепетинен аз дегенде 111 адам каза болду. Бул тууралуу Пакистандагы табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча улуттук башкармалык (NDMA) кабарлады.
Муссон жаандары эң көп зыян келтирген аймактар:
Хайбер-Пахтунхва,
Чыгыш Пенджаб,
Синд,
Белуджистан.
Акыркы 48 сааттын ичинде жааган катуу жаан жана андан улам келип чыккан селден дагы 7 адам каза болуп, 12 киши жаракат алган.
2024-жылдын 26-июнунан 14-июлуна чейин жалпы 212 адам жабыркаганы маалым болду.
NDMA алдыдагы күндөрү жаан-чачын мындан да күчөшү ыктымал экенин эскертип, жергиликтүү бийликти өзгөчө кырдаалдарга даяр болууга чакырды.
Пакистанда муссон жаан-чачындары июль-сентябрь айларында салттуу түрдө жаап турат. Алар жыл сайын жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып кетип, инфраструктурага жана айыл чарбасына олуттуу зыян келтирет.



















