АКШнын Сенаты Fox News телеканалынын мурдагы алып баруучусу Пит Хегсетти өлкөнүн жаңы Коргоо министри кылып бекитти.
АКШ Сенатында Хегсеттин талапкерлигине добуш берүү учурунда макул жана каршы добуштар бирдей болуп бөлүндү, бирок АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс Хегсеттин талапкерлигин колдоо үчүн чечүүчү добушун берди.
Республикачылардын мурдагы лидери Митч Макконнелл ага каршы добуш берди. Ал республикачыл сенатор Сюзан Коллинз менен Лиза Мурковскиге, ошондой эле бардык демократтарга кошулуп, Хегсеттин талапкерлигине каршы добуш берди.
Хегсет — Fox and Friends телешоусунун мурдагы алып баруучусу. Анын талапкерлиги каржылык алдамчылык, сексуалдык асылуу, зордуктоо жана спирт ичимдиктерин кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптоолордон улам эң талаш-тартыштардын бири болгон. Ал өзү бардык айыптарды четке кагып, Сенаттын Куралдуу Күчтөр боюнча комитетине эчак эле “өзгөрүлгөнүн” айтты.

















