— Тажикстан менен 32 жылдан бери чек аранын чечилбей келе жатканы кыргыз эли үчүн чоң көйгөй. Мындан ары дагы чечилбей жүрө берсе, көйгөйлөр дагы да көбөйөт. «Бул сеники, бул меники» деген тактоо өтө көп убакытты талап кылууда.
Создуга берсе бир гана Кыргызстанга эмес, Тажикстанга да кыйын. Коңшу өлкөнүн бизге коюп жаткан дооматтарын бир гана кыргызстандыктар эмес, дүйнө жүзүндөгү эксперттер байкап, баалап отурушат. 8 жыл дипломатияда жүрдүм, Өзбекстанда элчи болуп турганымда ошол жактагы, КМШ өлкөлөрүндөгү эксперттердин кимдин ким экенин аныктаган пикирлерин окуп калчумун. Негизи эле, сууну талашкан, жерди талашкандын арты жакшы болбойт.
Маселе 32 жылдан бери өтө татаалдашып кетти. Азыркы бийликтин аракети болбосо мындан кийинки бийликке да кыйын болот. Ал эч нерсе эмес, элге оорчулук жаралат. Ошондуктан азыркы бийликтин аракети туура: кандай кырдаал болбосун чек ара так чечилиши керек. Бул чечиле турган нерсе, а чечилиши үчүн бийликтеги адамдардын духу болушу зарыл. Кээ бир нерсени моюнга алууну да, кээ бирин артка кайтарууну да билүү керек.
Акыркы 2 жылды эле алып көрөлү, Тажикстан эмне деген гана зыян алып келбеди: канча деген жарандарыбыз курман болду, канчасы ар кандай жараат алышты, үйлөр, имараттар талкаланды. Ошондо да кыргыз бийлиги сабырдуулук кылды. Бирок ар бир сабырдын аягы бар: бастырып кирип, үйлөрдү өрттөп, жарандарды атып кете берсе, биз дагы чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек да. Атамдын жакшы сөзү бар эле: «Эгерде бирөөнү моюнуңа отургузгуң келбесе, башыңды ийбе» деген.
Азыркы кырдаалга ушул сөз бап келип турат. Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүн терең карап көргүлө: анда коркутуу, опурулуу жок, «маселелерди дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен чечебиз, эгерде тажик тарап бизге доомат койгонун уланта берсе, анда биз дагы жаңы документтердин негизинде доомат коебуз» деп атат. Тең ата сүйлөшүү деген ушундай болот. Алар бизди басып кирип, туусун биздин жерибизге сайып жатса дагы унчукпай отура беришибиз керек беле?..
Камчыбек Ташиев билдирүү жасагандын эртеси күнү Тажикстандын ТИМи биздин элчибизди чакырып, нота карматып жатышат. Ушул нерсеге элчини чакыргандын өзү уят. Ал жерге чоң маселелер боюнча чакырышат. Коңшу өлкө Камчыбек Ташиевдин сөзүнөн кооптонгон жок, чычалап кетти. Качан чычалайт? Качан гана өзүнүн жеңилип баратканын билгенде. Элчини чакырып, нота карматып, маалымат фронтунда иштеп башташканы көп нерсени айтып турат. Ташиевдин сөзү өзөктөрүнө тийгени үчүн ушундай кылышты. Демек алар дагы коюп жаткан дооматтары куру экенин билишет, бирок жооп алууну күтүшкөн эмес.
Эми биз ушул темп менен өзүбүздүкүн бербей, айтканыбызга турсак, тарыхый документтерге басым жасасак утуш бизде. Мен коңшу өлкө менен жаман болойлу дебейм, ынтымагыбыз күчөй берсин, бирок чындыкка көңүл бурсак, Кыргызстандын берээрине караганда алаары көп. Эки эле районду алалы: Мургаб менен Жерге-Тал. Илгертен кыргыздардын жери, эли менен бирге, анткени басымдуу бөлүгү кыргыздар жашайт. Адашпасам аянты 900 миңден ашык. Алар 200 миңди сурап жатышабы, а аларда биздин 900 миңден ашык жерибиз турат.
Союз маалында ал жакка көп барганмын, биринчи катчысы дайыма кыргыздан болчу. Азыр эми аларды жок кылышты, өздөрүнүн адамдарын коюшту. Дагы бир кайталап кетейин, эгемендүүлүктү алган жылдары эле чек араны чечүүнү колго алганыбызда, мынчалык кесепеттүү болбой, оңой чечилмек. Азыр ар бир эле киши эксперт, чек ара боюнча адис, саясатчы болуп кетишпедиби. Мына, ошолор отуруп алып «Ташиев туура эмес айтты, унчукпаш керек эле» деп жатышат.
Качанкыга чейин?! Кыргыздын жерин бастырып кирип, адамдарыбызды өлтүрүп жатса да, унчукпай отура беришибиз керекпи? Эң туура айтты, тең ата сүйлөшө турган адамдар бардыгы бизди кубандырат. Убагында айтылып, далилдер коюлбаса, бизге койгон дооматтары да улам көбөйө бериши мүмкүн.
Булак: Факты.kg