Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингде дебют жасайт.
Бул тууралуу КР Бокс федерациясынан билдиришти.
Сейитбек уулунун дебюту 20-июлда Бишкек шаарында өтө турган турнирде болот. Анын атаандашы – 9 жеңиши жана 5 жеңилүүсү бар угандалык Коннрад Серуенге болот. Ал тажрыйбалуу мушкер катары саналат жана Африка континентинин бир катар ири мелдештеринде өзүн көрсөтө алган.
Ал күнү Bishkek Arena’да жапондук SAIKOU LUSH промоушен уюштурган достукка арналган профессионалдык бокс кечеси өтөт.
Мунарбек Сейитбек уулу 2024-жылкы Олимпиаданын финалдык туруна чейин жетип, дүйнө чемпионатында коло байгени багындырган. Жаш мушкердин профессионалдык рингдеги алгачкы кадамы кыргыз күйөрмандарынын жана спорт адистеринин чоң кызыгуусун жаратууда.
Бокс федерациясынын маалыматына караганда, бул беттеш Мунарбектин спорттук карьерасында жаңы барак ачып, дүйнөлүк аренада атаандаштыкка туруштук берүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп бериши мүмкүн.
Ал эми бул кечеде дагы бир катар жаш кыргызстандык мушкерлер да рингге чыгышары күтүлүүдө.



















