Быйыл жыл башынан бери эркек балдарга Мухаммад, Умар, Али, ал эми кыздарга Салиха, Алия жана Раяна ысымдары көп коюлган.
Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата Кыргызстанда 83 миң 804 бала төрөлгөн.
Кыздарга көп коюлган ысымдардын ондугу:
- Салиха — 2262
- Алия — 1612
- Раяна — 1610
- Амина — 1603
- Фатима — 1571
- Алфия — 1512
- Сафия — 1509
- Айлин — 1456
- Аруузат — 1247
- Аиша – 1234
Балдарга көп коюлган ысымдардын ондугу:
- Мухаммад — 3346
- Умар — 2751
- Али — 1984
- Амир — 1510
- Рамазан — 1392
- Билал — 1308
- Алихан — 1268
- Алинур — 1237
- Усман — 1218.