Бүгүн, 27-август күнү Бишкек шаарында КМБДнын (Муфтият) жаңы курулган баш кеңсесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш чарага президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, ЖК депутаттары, КР ДИМК төрагасы Тойгонбай Абдыкаров, Муфтий Замир кары Ракиев баштаган муфтият аппараты, казылар, райондордун баш имам-хатибдери, ДОЖ мүдүрлөрү, «Исмаил Матраимов» атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчилиги, мекеме-ишкана директорлору, дин аалымдары, диний ишмерлер, ар кайсы фонд өкүлдөрү жана шаардыктар катышты.
Ошондой эле ардактуу конок катары чакырылган Россия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдинов, Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын жетекчиси Нуриддин ажы Калыкназаров баштаган өзбекстандык диний кызматкерлер жана Казакстан мусулмандарынын баш муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулу башында турган казакстандык диний делегация аземге күбө болду.
Аземдин жүрүшүндө Муфтий Замир кары Ракиев баштаган бир катар диний кызматкерлер КР Президентинин жана КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Алкыш баракчалары менен сыйланды.
Сыйлык тапшыруунун экинчи бөлүгүндө Россия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарына, Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын жетекчисине жана Казакстан мусулмандарынын баш муфтийине КМДБнын жогорку даражалуу «Ынтымак» медалы ыйгарылды.
Аны менен катар ислам динине, анын салттуу көөнө баалуулуктарынын жайылышына, мамлекет бүтүндүгүнө, эл биримдигине, Мекен тынчтыгына, ошондой эле КМДБнын өнүгүшүнө жакындан салым кошкон инсандарга Муфтият тарабынан жогорку даражалуу орден-медалдар тапшырылды.