Бүгүн, 30-май эртең менен Москвага дрондор менен чабуул жасалганын Москванын мэри Сергей Собянин Telegram- каналында билдирди.
Мэр окуядан эч ким олуттуу жабыркабаганын билдирди.
Анын айтымында, чабуулдун натыйжасында бир нече имараттар анча-мынча жабыркаган.
“Коопсуздук максатында, өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чарада дрон тийген эки үйдүн бир нече подъездинин жашоочуларын эвакуациялоо чаралары көрүлдү. Атайын кызматтын иши аяктагандан кийин тургундар дароо өз батирлерине кайта алышат”, – деп кошумчалады мэр.
ТАСС жана РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда, учкучсуз учактар тарабынан кеминде эки турак жайга чабуул жасалган: Ленин проспектиси, 92-үй, 1-корпус жана Профсоюз көчөсү, 98-үй, 6-корпус.
“Бүгүн эртең менен Москва облусунун кээ бир райондорунун жашоочулары жардыруу үндөрүн угушту – бул биздин абадан коргонуу системабыз иштеп жатат. Москвага жакындаган бир нече учкучсуз учактар атып түшүрүлдү. Тургундарды тынч болууну суранам. Бардык тез жардам кызматтары иштеп жатат. Маалымат берип турабыз”, – деп жазды Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев.
Эске салсак, 3-майда эки учкучсуз учак Кремлге чабуул жасаган. Анда жабыркагадар жана кыйроолор болгон эмес. Кол салуу учурунда президент Владимир Путин Кремлдин резиденциясында жок болгон. Президенттик аппарат бул чабуулду “пландалган террордук акт” жана “президентке кол салуу аракети” деп атаган.
Украинанын президентинин кеңсеси Кремлге дрондор менен жасалган чабуулга Киевдин тиешеси жоктугун билдирген. Зеленский Украина бардык күч жана каражатын башка аймакка чабуул коюуга эмес, өз аймагын бошотууга жумшап жатканын билдирген.




















