Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн АКШнын 58-MQ-9 учкучсуз учагын атып түшүрдү.
Бул тууралуу ирандык ЖМКлар маалымдашты.
“АКШ армиясынын 58-MQ-9 учкучсуз учагын Ормуз кысыгынын үстүндө Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жаңы абадан коргонуу системасы кармап, атып түшүрдү”, – деп билдирди IRNA агенттиги Ислам революциясынын сакчылар корпусунун маалыматына шилтеме берип.



















