Москванын Жаңы Арбат көчөсүндөгү китеп үйүндө белгилүү россиялык жазуучу Олег Ройдун жаңы романынын — «Чөөлөр арстанды жеңе албайт» — аттуу жаңы романынын бет ачары өттү.
Бул чыгарма ирандык генерал Касем Сулейманинин өмүрүнө жана мурасына арналган. Анын образы Батыш Азияда гана эмес, бүт дүйнөдө кызыгуу жана урмат-сый жараткан.
Генерал Касем Сулеймани — Баатыр жана Каршылык көрсөтүүнүн символу

Касем Сулеймани — Ирандагы эң таасирдүү жана урмат-сыйга татыган аскер жетекчилердин бири болгон. Ал Ислам революциясынын сакчылары корпусунун курамындагы «Кудс» атайын бөлүгүнүн командири эле.
1957-жылы Керман провинциясында төрөлгөн. Аскердик карьерасын 1980–1988-жылдардагы Иран-Ирак согушунда баштаган жана бат эле кайраттуу жана стратегиялык командир катары таанылган. 1998-жылы «Кудс» бөлүгүн жетектей баштаган жана Ирандын чет өлкөлөрдөгү саясий-аскердик операцияларында негизги фигура болуп калган.
Анын негизги максаты — Батыш Азияда Ирандын таасирин кеңейтүү жана бекемдөө болгон. Ал Сирия, Ирак, Ливан жана Йемендеги союздаш күчтөрдү колдоодо жана координациялоодо чоң роль ойногон. Айрыкча, Иракта жана Сирияда ИШИМге каршы күрөштө улуттук армиялардын көзөмөлүн калыбына келтирүүгө көмөктөшкөн.
Иран эли үчүн Сулеймани — батыш басымына жана аймактык экстремизмге каршы туруштук берүүнүн символу болгон.
Ал өз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн жана кызыкчылыктарын коргоого арнаган стратегиялык лидер катары бааланган. Анын каза болушунан кийин Иран менен Иракта миллиондогон адамдар коштошуу аземине катышкан. Ирандын руханий лидери Али Хаменеи аны «революциянын тирүү шейити» деп атаган.
Ирандын баатырына жасалган кандуу чабуул — АКШнын аракети
2020-жылдын 3-январынын түнүндө, генерал Сулеймани Ирактагы Багдад эл аралык аэропортунун жанында АКШнын учкучсуз дронунун соккусунан курман болгон.
Сокку Сулеймани менен башка ирандык жана ирактык аскер башчылары отурган унаа кербенине урулган. Ошол учурда ирактык жоокерлердин (Аль-Хашд аш-Шааби) башчысынын орун басары Абу Махди аль-Мухандис да набыт болгон.
Бул операция АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен жүргүзүлүп, Пентагондун билдирүүсүндө «америкалык жарандарга жана кызыкчылыктарга кол салууну алдын алуу» максаты көздөлгөн.
Бул окуя Батыш Азияда абалды курчутуп, Иранда жана Иракта массалык нааразылык жыйындарына алып келип, Тегеран менен Вашингтондун ортосунда дипломатиялык кризис жараткан.
Олег Рой: Сулейманинин жашоосу аркылуу Батыш Азиядагы саясий процесстерге көз чаптыруу
Россиялык жазуучу Олег Рой генерал Сулейманинин жашоосу аркылуу анын тарыхый ролун жана Батыш Азиядагы саясий кырдаалды элге жеткирүүнү максат кылган.
Романды жазууга бир жыл убакыт кеткен. Автор генералдын өмүр баянын, тарыхый шарттарды жана аймактын маданий өзгөчөлүктөрүн терең изилдеген.
Натыйжада Сулейманинин өмүрүн баяндагандан тышкары, ошол эле учурда Батыш Азиядагы саясий жана социалдык татаал процесстерди ачып берген чыгарма жаралган.
Романдын бет ачары жана Иран менен Россиянын маданий байланыштары

Китептин бет ачар аземине Ирандын Россиядагы элчиси Казем Джалали жана Иран элчилигинин маданий кеңешчиси Масуд Ахмадванд катышты.
Алар Олег Ройдун эмгегин жогору баалап, эки өлкөнүн ортосундагы маданий алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Бул — Сулейманинин образы тууралуу Ирандан сыртта жана фарс тилинде жазылбаган алгачкы чыгарма экени баса белгиленди.
Ыраазылык иретинде Ирандын элчиси Олег Ройго персиялык килем-картинаны белекке тартуулады. Бул — иран элинин урмат-сыйынын жана ыраазычылыгынын символу катары тапшырылды.



















