Россия Жакынкы Чыгыштагы жана Ормуз кысыгынын айланасындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн компромисстик чечимдерди издөөгө көмөктөшүүгө мурдагыдай эле даяр. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
«Россия Федерациясы эл аралык укуктун негизинде жана жаңжалга катышкан бардык тараптардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын тийиштүү деңгээлде эске алуу менен компромисстик чечимдерди табууга көмөктөшүүгө мурдагыдай эле даяр. Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздүн катарында аймактагы бардык мамлекеттер менен түзүлгөн ишенимдүү мамилелер да бар», — деди Захарова бейшемби күнү өткөн брифингде.
Россиянын ТИМинин өкүлүнүн айтымында, «Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды нормалдаштыруу жана Ормуз кысыгында толук кандуу кеме каттамдарын калыбына келтирүү үчүн мүмкүн болушунча тез арада чараларды көрүү маанилүү».
Захарованын баса белгилешинче, «Россия эл аралык деңиз жолдору аркылуу эркин, үзгүлтүксүз жана коопсуз кеме каттамдарынын камсыздалышына кызыкдар».
«Ошол эле учурда биз учурдагы кырдаалды жана жалпы эле аймактагы коопсуздук кризисин америкалыктардын аракеттеринен улам күчөгөн чыңалуудан бөлүп карап талкуулоону туура деп эсептебейбиз. Алар, чындыгында, деңиз блокадасын киргизишти. Азыркы кризистин түпкү себептери жоюлмайынча, кадимки абалга кайтуу мүмкүн эмес», — деп кошумчалады Захарова.
Ал ошондой эле дүйнөлүк рынокко жер семирткичтерди жеткирүүдө Ормуз кысыгы маанилүү деңиз жолу экенин эске салды.



















