Молдованын президенти Майя Санду эгер өлкөдө референдум өткөрүлсө, Молдованын НАТО жана Евробиримдикке мүчө Румыния менен биригүүсү үчүн добуш берерин билдирди. Бул тууралуу ал жекшемби күнү, 11-январда жарыяланган британиялык The Rest is Politics подкастына берген маегинде айтты. Санду мындай тандоосун Молдованы Россия тараптан көрсөтүлүп жаткан басымдан коргоо зарылдыгы менен түшүндүрдү.
«Эгер бизде референдум болсо, мен Румыния менен биригүүнү колдоп добуш берем», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Маектин жүрүшүндө ал Москваны Молдованын ички иштерине кийлигишүүгө аракет кылып жатат деп кайрадан айыптады. Анын айтымында, азыркы шартта чакан мамлекеттер үчүн демократияны, суверенитетти жана тышкы таасирлерге туруштук берүүнү сактоо барган сайын кыйындап баратат.
Ошол эле учурда, Reuters агенттиги билдиргендей, Румыния менен тыгыз байланыштарга карабастан — Молдованын 2,4 миллион калкынын болжол менен 1,5 миллиону Румыниянын жарандыгына ээ — өлкө калкынын көпчүлүгү биригүү идеясын колдобойт. Социологиялык сурамжылоолорго ылайык, мындай сценарийди жарандардын болгону үчтөн бири гана жактайт.
Санду өзүнүн позициясы калктын көпчүлүгүнүн пикирин чагылдырбай турганын моюнга алып, Молдованын Евробиримдикке кошулуусу алда канча реалдуу максат экенин белгиледи. Өлкөнүн учурдагы өкмөтү 2030-жылга чейин ЕБге мүчө болууну көздөп жатат, бирок бул үчүн Кишинев ири жана татаал реформаларды ишке ашырышы керек.


















