Бул өлкөдө жүргүзүлгөн ийгиликтүү реформалар жана каржылык ачык-айкындуулуктун жакшырышы менен байланыштуу экени айтылууда.
Тажикстандын каржылык-кредиттик уюмдары Европа союзунун санкциялар тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасына Тажикстан улуттук банкынын басма сөз кызматы билдирди.
«Тажикстан Республикасынын тиешелүү органдары менен европалык өнөктөштөрдүн ортосундагы диалог жана кызматташтык мурда киргизилген чектөөлөрдү кайра карап чыгууга ыңгайлуу шарт түздү», — деп белгилешти Тажикстандын башкы банкынан.
Улуттук банк белгилегендей, Европалык комиссия 2026-жылдын 23-апрелиндеги чечиминин алкагында (Евробиримдиктин санкцияларынын 20-пакети) өлкөнүн үч банкы — «Спитамен Банк», «Душанбе Сити Банк» жана «Тажикистан Коммерцбанкы» — санкциялар тизмесинен чыгарылды. Алар буга чейин 19-пакетке киргизилген болчу.
Улуттук банк бул чечимди «өлкөнүн министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле жөнгө салуучу органдары менен Европа комиссиясынын ортосундагы кызматташтыктын кеңейишинин, эл аралык комплаенс стандарттарын киргизүүнүн жана мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди адалдоого каршы системаны күчөтүүнүн түз натыйжасы» деп баалады.
Регулятордун пикиринде, бул демилге банк системасынын мындан аркы өнүгүшүнө, инвесторлордун ишенимин арттырууга жана өлкөдө каржылык кызматтардын кеңейишине оң түрткү берет.
«Тажикстандын Улуттук банкы реформаларды улантат, ачык-айкындуулукту жогорулатат, ички көзөмөл системасын күчөтөт жана банк секторунун ишин эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүнү камсыздайт», — деп жыйынтыкташты мекемеде.
Евробиримдиктин расмий сайтында жарыяланган (2026-жылдын 23-апрелиндеги (ЕС) №833/2014 регламентине өзгөртүүлөр тууралуу) документ Россиянын Украинадагы кырдаалды туруксуздаштырган аракеттерине байланыштуу чектөө чараларына тиешелүү.
Тажик банктарын эмнеге айыпташкан?
Эске салсак, үч тажик банкы боюнча санкциялар Евробиримдиктин Россияга каршы 19-пакетинин алкагында киргизилип, өткөн жылдын 12-ноябрынан тартып күчүнө кирген. Чектөөлөр «Тажикстан Коммерцбанкына», «Спитамен Банк» жана «Душанбе Сити Банкка» тиешелүү болгон.
ЕБ Кеңешинин расмий билдирүүсүндө үчүнчү өлкөлөрдөгү айрым банктар жана компаниялар менен транзакция жүргүзүүгө тыюу салынганы айтылган. Брюсселдин баамында, алар антироссиялык санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшүшү мүмкүн эле. Бул тизмеге Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан, БАЭ жана Гонконгдогу түзүмдөр кирген.
Ошол эле учурда ЕБнин ачык бөлүгүндө конкреттүү операциялар же суммалар тууралуу маалымат берилген эмес. Формулировкалар жалпы мүнөздө болгон — «санкцияларды айланып өтүүгө көмөк көрсөтүү» жана «Россия экономикасын колдоо». Деталдуу материалдар, адаттагыдай эле, жабык досьелерде калган.
Тажикстандын бийлиги санкцияларды алып салуу үчүн кошумча кепилдиктерди жана маалыматтарды берип, банктардын каржылык операциялары эл аралык стандарттарга шайкеш экенин тастыктоого аракет кылган.
Өз кезегинде Евробиримдик банктардын каржылык ишмердүүлүгүндөгү өзгөрүүлөрдү жана Тажикстандын ички каржылык жөнгө салуусун жакшыртуу аракеттерин эске алып, санкцияларды кайра карап чыгууга даяр экенин көрсөткөн.



















