Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Молдова КМШдан чыгуу жол-жобосун баштады

  • Саясат
  • 21.01.2026 09:57

Loading

Молдованын бийлиги Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) курамынан чыгуу жол-жобосун расмий түрдө баштады. Бул тууралуу республиканын тышкы иштер министри жана вице-премьер-министри Михай Попшой жергиликтүү ММКларга берген маегинде билдирди.

Попшойдун айтымында, Кишинёв КМШга мүчөлүктү формалдуу түрдө камсыз кылып келген негизги келишимдерди денонсациялоо процессин баштады. Анын сөзүнө караганда, тиешелүү документтер учурда талкуу стадиясында турат жана жакынкы убакта парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Айрыкча 1993-жылдын 22-январында Минск шаарында кол коюлган КМШнын Уставы, 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШны түзүү жөнүндө Макулдашуу жана ага 1991-жылдын 22-декабрындагы Тиркеме тууралуу сөз болууда.

Тема боюнча

Молдованын президенти Румыния менен биригүүнү колдоого даяр экенин билдирди

Молдованын президенти Румыния менен биригүүнү колдоого даяр экенин билдирди

13.01.2026

Бул документтерди денонсациялоо Молдовага юридикалык жактан Шериктештиктеги катышуусун расмий түрдө токтотууга мүмкүндүк берет, деп баса белгиледи министр.

«Бул процесс буга чейин башталды. Чечим кабыл алынды, жана бекитүү жол-жобосу ишке кирди», — деди Попшой.

Ошол эле учурда ал КМШнын алкагындагы айрым макулдашуулар, эгерде алар Молдованын жарандарына практикалык пайда алып келип, өлкөнүн европалык интеграция багытына каршы келбесе, күчүндө калышы мүмкүн экенин белгиледи.

Тышкы саясат ведомствосунун башчысынын баамында, өкмөт февралдын ортосуна чейин ички жол-жоболорду аяктап, андан кийин маселени парламенттин добушуна коёт. «Юридикалык жактан алганда, кыска мөөнөттө Молдова Республикасы мындан ары КМШнын мүчөсү болбойт», — деп билдирди Попшой.

Ал ошондой эле Молдова КМШнын алкагында жалпысынан 283 макулдашууга кол койгонун эске салды. Алардын ичинен 71и буга чейин денонсацияланган, дагы болжол менен 60 келишим токтотуу процессинде турат.

КМШ келишимдеринен чыгуу багыты Кишинёв тарабынан 2023-жылы эле белгиленген. Ошол жылдын май айында парламент Мамлекеттер аралык телерадиокомпания «Мирди» түзүү жөнүндө макулдашуудан чыгуу чечимин кабыл алган, ал эми июль айында КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык  ассамблеясы жөнүндө Конвенция денонсацияланган. 2024-жылдын январында бийлик КМШнын алкагындагы 119 макулдашуу өлкө үчүн баалуулукка ээ эмес экенин билдирген. Ошол эле жылдан тартып Молдова КМШга жана анын платформасында иш алып барган түзүмдөргө мүчөлүк төлөмдөрүн төлөөнү токтоткон.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: КМШ саммитиМолдова
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Түркмөнстанда КМШ саммити тар жана кеңейтилген курамда өттү

Түркмөнстанда КМШ саммити тар жана кеңейтилген курамда өттү

09.10.2026
Молдованын президенти Румыния менен биригүүнү колдоого даяр экенин билдирди

Молдованын президенти Румыния менен биригүүнү колдоого даяр экенин билдирди

13.01.2026
Душанбедеги КМШ саммити: кайсы президенттер Тажикстанга келет?

Душанбедеги КМШ саммити: кайсы президенттер Тажикстанга келет?

07.10.2025
Молдовада оппозициялык блоктун лидери өкмөттү шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга даярданып жатат деп айыптады

Молдовада оппозициялык блоктун лидери өкмөттү шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга даярданып жатат деп айыптады

29.09.2025
Трамп АКШ Россия менен Индияны Кытайга алдырып койгондугун айтты

Трамп АКШ Россия менен Индияны Кытайга алдырып койгондугун айтты

05.09.2025
Молдовада кыргыз этникалык маданиятын даңазалаган фестиваль өткөрүлдү

Молдовада кыргыз этникалык маданиятын даңазалаган фестиваль өткөрүлдү

10.09.2024
Бишкекте  ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

Бишкекте  ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

26.10.2023
КМШга төрагалык кылуу Россия Федерациясына өттү

КМШга төрагалык кылуу Россия Федерациясына өттү

14.10.2023
С. Жапаров Кыргызстан КМШга төрагалык кылган учурда кандай иштер аткарылгандыгын айтты

С. Жапаров Кыргызстан КМШга төрагалык кылган учурда кандай иштер аткарылгандыгын айтты

13.10.2023

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.