Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

С. Жапаров Кыргызстан КМШга төрагалык кылган учурда кандай иштер аткарылгандыгын айтты

  • Кыргызстан
  • 13.10.2023 16:57

Loading

Президент Садыр Жапаров КМШнын Мамлекет башчылар кеңешинин чакан форматтагы жыйынында сөз сүйлөдү

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында бүгүн, 13-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттердин лидерлери – Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедевдер сөз сүйлөштү.

Тема боюнча

Молдова КМШдан чыгуу жол-жобосун баштады

Молдова КМШдан чыгуу жол-жобосун баштады

21.01.2026

Кыргыз жерине келген меймандар менен саламдашып жатып, Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан төрагалык кылуу мезгилинде Уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, Шериктештиктин мейкиндигинде интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө, чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу процессине мүчө-мамлекеттерди активдүү тартууга салым кошуу милдетин койгондугун белгиледи.

Президент биргелешкен иштин аркасында үстүбүздөгү жылдын июнь айында Сочи шаарында өткөн КМШ Өкмөт башчылар кеңешинде экономика жаатындагы стратегиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин соодасы, инвестицияларды түзүү жана ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын баса белгиледи. Аны макулдашуу процедурасы абдан узакка созулду. Макулдашуу ратификациялангандан кийин КМШнын бардык өлкөлөрүндөгү ишкерлик алдыга жылып, бардык жерде иш алпаруусу жеңилдейт. Бизнес-өнөктөштөргө Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнө жол ачылат – ал өлкөлөрдө кызмат көрсөтүүгө жана келечектүү долбоорлорго инвестиция салууга мүмкүнчүлүк алышат.

“Мен бул Макулдашууну абдан маанилүү деп эсептейм жана анын Кыргызстан Уюмга төрагалык кылган мезгилде кабыл алынганы биз үчүн жагымдуу болду. Бардык тармактык жана тармактар аралык кызматташуу органдары энергетика, транспорт, айыл чарбасы, машина куруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, экология, маданият, банк иштери жана башка тармактарды өнүктүрүү боюнча биргелешкен программаларды, долбоорлорду бир максатты көздөө менен иштеп чыгып жатышканын белгилегим келип турат. КМШнын тармактык органдарынын ишмердүүлүгү турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтыйт», – деп белгиледи Садыр Жапаров. Ал Кыргызстандын Уюмга төрагалык кылган маалдагы демилгелерин колдоп, экология жана жаратылышты коргоо боюнча артыкчылыктуу чараларын жүзөгө ашыруу жаатындагы иш-чараларга жигердүү катышкандыгы үчүн жыйын катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы КМШга төрагалык кылуунун артыкчылыктуу программаларын ишке ашыруу алкагында, Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана климаттын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча жигердүү чараларды көрө алганына басым жасады. Ишке ашырылып жаткан демилгелердин арасында бак-дарактарды көбөйтүү, Кыргызстан боюнча 8 млн бак-дарак, бадал отургузуу аркылуу жаратылыш экосистемаларын коргоо маселелерин илгерилетүүгө багытталган “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясы да бар. Бул багытта кыргыз тарап көп иштерди аткарууда, ошону менен бирге алдыга амбициялуу пландар да коюлган.

“Региондогу суу ресурстарынын 40%га жакыны өлкө аймагындагы суулардан түзүлөөрүн эске алуу менен, биз регионду суу менен камсыз кылуу маселесинде жогорку жоопкерчиликти билебиз. Бул контекстте суу ресурстары пайда болгон аймакка климаттын терс таасирлерин, ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн суу инфратүзүмдөрүнүн эскилиги жеткенин эске алуу менен, биз өз убагында чараларды көрүүнү жана ирригация, энергетика, инфратүзүм жаатында суу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, арзан жана экологиялык жактан таза электр энергиясы менен камсыз кылууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууну улантууну жактайбыз”, – деп белгиледи Президент.

Ал ХХI кылымдын экономикасы алдыңкы бизнес моделдерге жана катаал экологиялык талаптарга, социалдык жоопкерчиликке жана адамдын реалдуу муктаждыктарын эске алууга негизделип, натыйжалуу болушуна кызыкдар экенине басым жасады. Бул контекстте Садыр Жапаров «Жашыл экономиканы өнүктүрүү» демилгесин мындан ары биргелешип илгерилетүү, масштабдуу жана келечектүү долбоорлорду ишке ашырууну жылдыруу маанилүү деп эсептейт.

Президент өз сөзүндө гуманитардык өнөктөштүк, коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине жана башка кызматташтык аспектилерине да токтолду. Атап айтканда, Садыр Жапаров КМШда 2023-жыл – Орус тилинин жылы деп жарыяланганын белгилеп, орус тили биздин өлкөлөрдүн баарлашуу тили болуп кала берерине ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу салым кошконун, анын көбүн орус тилинде жазганын белгиледи. Садыр Жапаров залкар жазуучунун 95 жылдыгы Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн баары белгилей тургандыгына ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле Президент кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири – санариптештирүү чөйрөсүнө токтолду. Бул тармактагы өз ара байланыштын жана алдыга суурулуп чыгуунун негизи Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ар кыл мамлекеттик органдарынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу болушу керектигин белгиледи. Бул багытта ал кыргыз тарап демилгелеген Санарип технологиялар боюнча билдирүүнүн долбоорун колдоону өтүндү.

Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров Уюмдун жаңы төрагасы – Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге ийгиликтерди каалады.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: КМШ саммити
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Түркмөнстанда КМШ саммити тар жана кеңейтилген курамда өттү

Түркмөнстанда КМШ саммити тар жана кеңейтилген курамда өттү

09.10.2026
Молдова КМШдан чыгуу жол-жобосун баштады

Молдова КМШдан чыгуу жол-жобосун баштады

21.01.2026
Душанбедеги КМШ саммити: кайсы президенттер Тажикстанга келет?

Душанбедеги КМШ саммити: кайсы президенттер Тажикстанга келет?

07.10.2025
Трамп АКШ Россия менен Индияны Кытайга алдырып койгондугун айтты

Трамп АКШ Россия менен Индияны Кытайга алдырып койгондугун айтты

05.09.2025
Бишкекте  ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

Бишкекте  ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

26.10.2023
КМШга төрагалык кылуу Россия Федерациясына өттү

КМШга төрагалык кылуу Россия Федерациясына өттү

14.10.2023
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

13.10.2023
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди

13.10.2023
Кыргызстан менен Россиянын соода-сатыгы 5 млрд. АКШ долларына жетет

Кыргызстан менен Россиянын соода-сатыгы 5 млрд. АКШ долларына жетет

13.10.2023

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.