Бишкек шаарынын мэриясы учурдагы аба ырайына байланыштуу шаардыктарды коомдук муниципалдык транспортко өтүүгө чакырды.
Бул сунуш транспорт кырсыгынын жана мүмкүн болуучу жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында демилгеленген.
“Борбордук коомдук транспорт шаардыктарды штаттык режимде таңкы саат 5:00 дөн түнкү 23:30 га чейин тейлейт. Саат 9:00гө карата линияда “Бишкек троллейбус башкармалыгы” МИнин 114 троллейбусу, “Бишкек автотранспорт ишканасы” МИнин 396 автобусу, “Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” МИнин 276 автобусу, “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧК тарабынан 110 жеке автобус жана “Аламүдүн Авто Транс”МИнин 5 автобусу кызматта”, – деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, шаар боюнча 634 микроавтобус иштейт. Зарыл болгон учурда линияга дагы кошумча автобустар жана троллейбустар чыгарылат.
Мэрия аба ырайынын шарттарына карабастан коомдук транспорттун иштөө графиги ошол бойдон кала берерин эскертти.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-декабрдан 12-декабрга чейин Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлүп, айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн экенин билдирген.
12-декабрдан 14-декабрга чейин Бишкекте жана анын айланасында абанын температурасынын төмөндөшү уланат. Абанын температурасы түнкүсүн -20°C чейин төмөндөшү, күндүз -10 дон -15°C га чейин суук болушу күтүлөт.



















