Мьянмада жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2 миңден ашты, 270 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Ал эми 3900 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Бул тууралуу Синьхуа агенттиги Мьянманын мамлекеттик административдик кеңешине шилтеме берип билдирди.
АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, Мьянмадагы жер титирөө акыркы кылымдагы эң күчтүү жер титирөө болду. Агенттиктин эсеби боюнча, каза тапкандардын саны 10 миңге жакын болушу мүмкүн.
Мьянмада кырсыктан каза болгондор үчүн улуттук аза күтүү жарыяланып, 31-марттан 6-апрелге чейин мамлекеттик желек жарым ылдый түшүрүлөт.
Ал эми Франс Пресс агенттигинин акыркы берген маалыматтарына караганда, имараттардын урандыларынын астында калгандардын тирүү калгандарын табууга үмүт аз. Куткаруу иштерин аба ырайынын ысышы кыйындатып жатат. Абанын температурасы 40 градуска чейин көтөрүлүдө.
“Жер титирөөнүн эпицентрине жакын жайгашкан Мандалай шаарында ысыктан улам каза болгондордун сөөктөрүнүн чириши тездеп жатат. Бул алардын өздүгүн аныктоону кыйындатат”, – деп белгилейт агенттик.
Мьянманын аскерий лидери Мин Аун Хлаинг “ар бир өлкөдөн, ар бир уюмдан” жардам сурады. Буга чейин өлкөнүн аскердик бийликтери ири табигый кырсыктар болгондо да эл аралык жардамдан баш тартып келген.
Зилзалага байланыштуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да эң жогорку деңгээлдеги кооптуу абалды жарыялады.
Мьянмада адам өмүрүн сактап калуучу, жардам көрсөтүү, оорулардын чыгышын алдын алуу жана негизги медициналык кызматтарды калыбына келтирүү үчүн ДСУ тез арада 8 миллион долларга (7,4 миллион евро) муктаж.
Эске сала кетсек, 28-мартта Мьянмада күчү 7,7 жана 6,4 баллга жеткен жер титирөөлөр болуп, очогу 1,5 миллион адам жашаган өлкөнүн эң чоң шаарларынын бири болгон Мандалайдан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Зилзала орун алган алгачкы күндөрдө эле жөнөп кеткен орусиялык куткаруучулар кытайлык кесиптештери менен биргеликте куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. Алар иштин жүрүшүндө урап калган имараттын урандыларынын астынан бир аялды алып чыгышкан.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырдаал өтө оор бойдон калып, куткаруу кызматтары жер титирөөлөр уланганына карабай иш күнү-түнү үзүлбөй жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Жердин силкиниши Бангладеш, Индия, Лаос, Кытай жана Таиланд сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилип, акыркысы кыйроонун чоң көлөмүн көрсөткөн. Тагыраагы Бангкокто курулуп жаткан 37 кабаттуу имарат урап түшкөн. Андагы кыйроодо 20 адам каза болуп, кеминде 101 адам дайынсыз болууда. Ошондой эле 50 тургун жаракат алган.

















