2–4-июлда Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат.
Бул тууралуу Caliber.Az өзбек ЖМКларына таянып билдирет.
Сапардын программасына ылайык, 2–3-июлда Бакуда Өзбекстан менен Азербайжандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи жыйыны өтөт, ошондой эле жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жана башка иш-чаралар пландаштырылган. Жолугушууларда өзбек-азербайжан достук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары тереңдетүү маселелери талкууланат. Айрыкча практикалык кызматташууну жана артыкчылыктуу тармактардагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
4-июлда Өзбекстандын башчысы Ханкенди шаарына барат. Ал жерде Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммитине катышат жана форумга мүчө мамлекеттердин лидерлери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.



















