Бүгүн, 11-октябрда КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Бир алкак, бир жол” демилгесинин 10 жылдыгына арналган “Кыргызстан-Кытай” достук коомунун салтанаттуу жыйынына катышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Байсалов достук маанайда жана өлкөлөр ортосундагы элдик дипломатияны чыңдоо максатында Кыргызстандын министрлер кабинети Кытай Эл Республикасынын жарандары – Гонконг жана Макао аймактарынын тургундары үчүн визасыз режимди киргизүү чечимин кабыл алганын маалымдады.
Ал АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигине ачык визасы бар Кытай жарандары да бул жеңилдиктен пайдалана алышарын кошумчалады.
Бул чечим Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, ошондой эле маданий жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жасалган кадам болуп саналат.






















