Орусия өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга документтерин тууралоо үчүн берилген мөөнөтү 10-сентябрга чейин узартты.
Эмгек мигранттарынын документтерин мыйзамдаштыруу үчүн каралган мөөнөттү узартууну Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен Тышкы иштер министрлиги биргеликте орус өкмөтүнө сунуштап, жыйынтыгында бул демилге ишке ашты.
Бул жеңилдиктер кыргызстандыктар үчүн гана эмес, жалпы КМШ өлкөлөрүнөн Орусияда иштеп жүргөн мигранттар үчүн берилди.
Буга чейин Орусияда миграциялык чараларды катаалдаткан жарлыкка президент Владимир Путин былтыр 30-декабрда кол койгон. Ага ылайык, мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө 30-апрелге чейин документтерди тууралоого убакыт берилген. Жарлыкта көрсөтүлгөндөй, мыйзамсыз жүргөндөрдү милиция кызматкерлери соттун чечими жок эле өлкө аймагынан чыгарууга укук берилген.
Мына ушундай катаалдашкан мыйзамдардын негизинде Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн жетекечиси, Асаналиев Бакыт Эриковичке бир катар суроолор менен кайрылдык.
Б. Асаналиев: «Көзөмөлдөнгөн жарандардын реестерине кирген миграттардын саны азайды»
– Бакыт Эрикович, Орусия өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга документтерин тууралоо үчүн берилген мөөнөттү 10-сентябрга чейин узартты. Бул мөөнөт кыргызстандыктар үчүн элеби же жалпы КМШ өлкөлөрүнөн барган мигранттарга да тиешеси барбы?
– Орусия өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга документтерин тууралоо үчүн берилген мөөнөттү 10-сентябрга чейин узарттылгандыгын Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевдин Орусия Федерациясынын Президентинин башкармалыгынын бөлүм башчысы Игорь Маслов менен болгон жолугушуусунда орус тарап кабарлаган. Учурда Жарлыктын расмий жарыяланышы күтүлүүдө.
Чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргыз жарандарынын документтерин тууралоо жана укуктук абалын жөнгө салуу үчүн мүмкүнчүлүк берген Орусия федерациясынын президентинин жарлыгынын мөөнөтү негизи 30-апрелге чейин деп белгиленген.
Элчилик менен тышкы иштер министрлиги ушул жылдын февраль айынан тартып эле бул маселе боюнча талдоо жүргүзүп, бир катар себептерге байланыштуу биздин жарандар өздөрүнүн документтерин тууралап, укуктук абалын жөнгө салууга апрелдин аягына чейин жетишпей тургандыгын байкадык. Ошондуктан жарлыктын мөөнөтүн узартуу боюнча бир катар сунуштарды иштеп чыгып, Кыргызстанга жөнөтүп, макулдашылгандан кийин Орусия тарапка кайрылуу жиберилген эле.
Жогоруда белгиленгендей, азырынча бул жарлык Орусия тараптан расмий түрдө айтылып, президенттин сайтына жарыялана элек. Жолугушуудан кийин тышкы иштер министрлиги менен элчилик жарандарыбызга маалымат берди.
Бул мүмкүнчүлүк Кыргызстандын жарандарына эле эмес, бардык чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү. Анткени, алгачкы указ 2024-жылы 30-декабрда кол коюлуп, 30-сентябрга чейин мөөнөт берген. Ал бардык чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү болчу. Ошол себептен Орусия тараптын жарлыгынын мөөнөтү гана узартылып, мазмуну ошол бойдон калат.
Жакынкы арада бул указдын расмий түрдө жарыяланышын күтүп жатабыз. Жарыялангандан кийин дагы бир жолу толугураак маалымат беребиз.
-Бул мөөнөт аралыгында мигранттар кайсы документтерин мыйзамдаштырууга үлгүрүшү керек? Мында кандайдыр бир жеңилдиктер каралганбы?
– Белгиленген мөөнөт аралыгында Орусияда эмгектенип жүргөн биздин жарандар кандайдыр бир миграциялык мыйзамдарды бузуу жолу же документтери толукталбаган болсо, ошол документтерди мыйзамдаштырыш керек. Ошондой эле, бул өлкөгө эмгектенүү максаты менен келген жарандар 30 күндүн ичинде “Сахарово” миграциялык борборуна барып, манжа изин тапшырып, сүрөткө түшүп, медициналык кароодон өткөндөн кийинки жыйынтыктардын негиздемеси менен атайын мигранттын картасын алып, убактылуу жашаган жери боюнча каттоого тургандан кийин эмгек келишимин түзүшү шарт. Мындагы айтылган документтердин бирөөсү жетишпесе, бул мыйзам бузуу болуп эсептелет.
Белгилей кетүүчү нерсе, медициналык кароодон жыл сайын өтүү керектелет. Эгер мөөнөтү өтүп кеткен болсо же убактылуу жашаган жеринин каттоо мөөнөтү өтсө жана миграциялык картасында мөөр болбосо, ошондой эле эмгек келишими жок болсо бул көрсөтүлгөн документтерди берилген мөөнөт аралыгында тууралоо зарыл. Бул белгиленген документтер тууралангандан кийин жаран реестерден чыгарылат. Эгер айып пул каралган болсо, аны төлөө максатка ылайык. Карыз болбош керек.
Ошол эле маалда аймактык полициянын миграциялык бөлүмүнө кайрылып, тийиштүү документтердин баарын тапшырылуусу кажет. Эгер көзөлмөлдөнгөн жарандардын реестерине түшүп калган болсо, мына ушул документтердин негизинде чыгарылат.
Бул документтер менен ЕАЭБге мүчө болгон өлкөлөрдүн жарандары үчүн эмгек келишим болуп эсептелет.
-Ошол эле учурда мигранттардын балдары мектептерге кирүү үчүн орус тилинен тесттен өткөндөн башка дагы кандай шарттарды аткарыш керек?
– Биздин жарандардын балдары мектепке кирүү үчүн орус тилинен тесттен өткөндөн башка эгер 6 жаштан өткөн балдар болсо, анда Орусиянын мыйзамдарына ылайык, ошол эле миграциялык борбордон барып манжа издерин тапшырат. Сүрөткө түшүп, медициналык кароодон, башкача айтканда 6 жаштан 13 жашка чейин чектелген формада өтөт. Ал эми 13 жаштан жогору толук кандуу керектүү документтер, анализдер тапшырылат. Мындан тышкары ата-энеси менен бирге убактылуу жашаган жери боюнча катоого турушу керек.
-Миграциялык катаалдашкан мыйзамдардын күчөтүлүшүнөн кийин эмгек мигранттардын саны канчага азайды?
– Бул суроого так жооп бериш кыйын. Анткени биз статистикалык маалыматты орусия тараптан алабыз.
Өткөн жылдын 31-декабрына карата Орусиянын аймагында 380 миң жараныбыз миграциялык каттоого турган. Жалпысынан Орусиянын аймагында жүргөн жарандардын саны 655 миң деп берилүүдө. Анын ичинен 74 миң жараныбыз эки жума мурда берилген маалымат боюнча көзөмөлдөнүүчү жарандардын реестерине кирген.
Бирок жакында дагы бир жыйналыш өтүп, андагы маалыматка караганда, бул көрсөткүч азайып келе жатат. Мурдагыга караганда 10 миңге аз. Негизи статистикалык маалымат ар дайым өзгөрүүнүн үстүндө болот. Анткени биздин жарандар өлкөнүн аймагына кирип же чыгып тургандыгына байланыштуу мигранттардын санынын азайганы же көбөйгөнүн так кесе айтуу татаал маселе.
Буга чейин 2024-жылга карата 380 миң жаран каттоого турган деген маалымат Орусия тараптан бизге берилген.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева

















