Мешхед шаарында мурдагы президент Раисинин жана анын коштоочуларынын арасындагы кызмат шейиттеринин элесине арналган аза зыяраты болуп өттү.
Шаршемби күнү түштөн кийин Мешхед шаарында тик учак кырсыгынан каза болгон мурдагы президент Ибрахим Раиси жана аны коштогон кызматтагы шейиттердин элесине арналган аза зыярат аземи болуп өттү. Иш-чарага калктын ар кандай катмарларынан өкүлдөр катышты.
Бул аземге болжол менен үч миллион адам катышып, маркум президентке жана анын жанында каза болгон мамлекеттик кызматкерлерге урмат көрсөтүштү .
Раиси 19-майда Ирандын түндүк-батышындагы Верзеган аймагындагы тик учак кырсыгында каза болгон. Анын жанында тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян жана башка расмий адамдар да бар эле.
Мурдараак, 5-майда Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиан Мешхедге келип, Раисинин энеси менен жолугушкан. Бул жолугушууда Пезешкиан маркум президенттин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, анын элге жана ислам баалуулуктарына кызмат кылуу жолун улантууга убада берген .
Мындан тышкары, Мешхед шаарында Ирандын чыгышындагы эң ири саламаттык сактоо институту ачылып, ага Ибрахим Раисинин ысымы ыйгарылган.



































Discussion about this post