Үчүнчү эл аралык “Мейкин Азия” фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы айым Айна Калмаганбетова жеңип алды.
Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Чолпон- Ата шаарында өткөн Үчүнчү эл аралык “Мейкин Азия” фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы айым Айна Калмаганбетова жеңип алды.
Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.
Айна Калмаганбетова баш байге катары 5 миң АКШ доллар акчалай сыйлык, “Мейкин Азия” фестивалынын атайын статуэткасы жана диплом менен сыйланды.
Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Россия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен 18 жаштан 35 жашка чейинки талантуу жаш эстрада ырчылары катышты.
Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев да фестивалдын биринчи ирет 2013-жылы өткөнүн эске салып: “Мейкин Азия” эл аралык музыка фестивалынын мен үчүн өзгөчө орду бар, анткени ал Түрк дүйнөсүндөгү заманбап музыканын, достуктун, сулуулуктун жана мотивациянын фестивалы”,-деп айтты.
Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган фестиваль Кыргызстандын өкмөтү, Ысык-Көл облусу, Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жана ТҮРКСОЙдун колдоосу менен өттү.
Фестивалда кыргызстандык солист Актан Исабаевдин төрагалыгындагы калыстар тобунун мүчөлөрү түркиялык композитор Селим Чалдыран, Түндүк Македониядан Дүйнөлүк фестивалдар ассоциациясынын жетекчиси Марьян Катаровский, Казакстандан мамлекеттик ырчы Бахтияр Тайлакбаев, Өзбекстандан мамлекеттик ырчы Нодир Сидиков, Россиядан продюсер Вадим Хусеинов калыстык кылышты.