АКШ НАТОдон чыкпайт, ал эми америкалык лидер Дональд Трамптын риторикасы «таза эпатаж» болуп саналат. Мындай пикирин Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдирди.
«Албетте, Трамп да, Америка да НАТОдон чыкпайт. Мунун зарылдыгы жок, мындан тышкары Конгресс да буга жол бербейт. Трамптын риторикасы — жөн гана эпатаж. Бирок америкалык аскер контингентин кыскартуу же айрым жеткирүүлөрдөн баш тартуу сыяктуу символикалык кадамдар болушу мүмкүн. Бул жерде негизгиси башка нерсе. Альянстын ичинде олуттуу карама-каршылыктар бар жана алар Иранга байланыштуу кампаниядан улам күчөдү», — деп жазды Медведев өзүнүн Telegram каналында.
Ал ошондой эле Брюсселде Европа Биримдигинин ичинде толук кандуу аскердик компонент түзүү маселеси олуттуу каралып жатканын белгиледи. Анын пикиринде, бул «дүйнөлүк абалды өзгөртөт».
«Эми баары өзгөрүшү керек — Европа Биримдиги мындан ары жөн гана экономикалык союз эмес. Ал жакын арада Россияга абдан душман болгон толук кандуу аскердик альянска айланышы мүмкүн, айрым жагынан НАТОдон да жаман», — деп эсептейт саясатчы.
Медведев ошондой эле Россиянын коңшуларынын, анын ичинде Украинанын, «аскердик-экономикалык Европа Биримдигине» кошулуусуна болгон жумшак мамиледен баш тартуу убактысы келгенин белгиледи.

















