Мындай демилгени манасчы өзүнүн Фейсбуктагы барагы аркылуу көтөрүп, оюн төмөндөгүчө билдирген:
– Аскар Акаевдин тушунда “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракеси белгиленди. Элдин баары дуулдап, улуттук аң-сезим ойгонду.
– Курманбек Бакиевдин тушунда манасчылар маселеси мамлекеттик деңгээлде алгач ирет көтөрүлдү. Ал өз учурунда ишке ашпаганы менен кийинкиге үрөн себилди. Бирок башка өнөрпоздор үчүн ал мезгил жемиштүү болду деп ойлойм.
– Роза Отунбаеванын тушунда Манас мыйзамы кабыл алынып, бардык мекемелерде жигердүү иштер башталды. Анын үзүрүн азыр да көрүп атабыз.
– Алмазбек Атамбаевдин тушунда Манас эстелиги борбордук аянтка жана Москва жана Стамбул шаарларында орнотулду. Борбордук аянттагы ачылышында асманга толуп калган бүркүттөр тууралуу көп аңыздар айтылды.
– Сооронбай Жээнбековдун тушунда Манас жана Чыңгыз Айтматов академиясы негизделди. Ошондой эле айрым манасчыларды жеке каражаты менен каржылап турду. Анысын эч кайда жарыя да кылган жок, мактанган да жок. Тескерисинче, эч кимге билгизбей жасады.
– Садыр Жапаровдун тушунда Манас театры түзүлүп, ага дароо Улуттук статусу берилди. Бардык манасчылар, акындар жана дастанчылар айлык менен камсыз болушту.
Демек, бардык Президенттер Манаска кайдигер караган жок. Эмки маселе Манастын ашын өткөрүү. Бул кимдин багына туш келет? Аны да көрө жатарбыз. Мен аш тууралуу сөз кылайын.
Айрым манасчыларда Манастын ашын өткөрүү эпизоду болгону менен негизги варианттарда жок. Баатырдын көзү өткөндөн кийин Каныкей Букарга качып, Семетей бешикте калат. Эр жетип, мекенге кайрылып келгенден кийин да ички кагылышуулардан бошобойт. Анан кун алуу үчүн Бээжинге аттанат. Кийин колтугунан Канчоро кастык кылып, капилет кайып болот. Сейтектин тагдыры да бөтөн жерде, башка бирөөнү ата деп өсүү менен уланат. Андан ары окуяны тизмектей берүүнүн кажети жоктур. Айтайын дегеним, кыргыз кыргыз болгону, атайын Манас атабызга арнап аш берген эмеспиз. Эпостук каарманга да аш береби? Бул ойдон чыгарылган каарман да, тарыхый инсан эмес го дегендер четтен чыгары белгилүү. Бирок мен бул сөздү Манас атабызга чындап ишенгендер үчүн жаздым.
Ойлон, кыргыз! Ойгон, кыргыз! Атасына аш бербей, эрмин десе жарашабы? Анда журт атасына аш бербей, элмин деп кантип айтабыз?!
Маселе Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык кылып өткөрүүдө эмес. Улуттук ар-намысты тирилтүүдө жана Манаска байланыштуу бардык тармактарга татыктуу баасын берип, кадырлап, сыйлап алууда.