Бүгүн, 12-сентябрда, өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Буга чейин Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаров бир катар ишмерлерге “КР Баатыры” артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.
I даражадагы Манас ордени менен Абдыганы Эркебаев, Сабырбек Жумабеков, Садык Шер-Нияз сыйланган. Мындан тышкары, сыйлык алгандардын арасында депутат Атазов Шайлообек, Балбак Түлөбаев, альпинист Эдуард Кубатов, Гапыр Мадаминов, Султан Раев, куудул Абдылда Иманкулов, Алсеитова Чолпон, Кыдырмышев Арнис, Айбек Касымов жана башка бир катар эмгеги сиңген мекендештер бар.
Мамлекеттик сыйлык алгандардын толук тизмесин шилтемеден көрүүгө болот.






























Discussion about this post