Кечээ Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов АКШнын Чикаго шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында кыргыз диаспорасы менен байланышты чыңдоого жана Кыргызстандын маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган бир катар жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрдү.
Иш сапардын алкагында мамкатчы Чикаго шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна барып, анда кызматкерлер менен жолугушууларды өткөрүп, дипломатиялык мекеменин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.
Мындан тышкары кыргыз искусствосун жана маданиятын жайылтууга багытталган жаңы демилге – “Kyrg Demy” кыргыз исскуство академиясынын салтанаттуу ачылышына катышуусу иш сапарынын маанилүү окуясы болду. Ал өзүнүн куттуктоо сөзүндө мындай долбоорлордун маданий мурастарды сактоо жана кыргызстандыктардын жаңы муунун алардын ата-тегин сыйлоо духунда тарбиялоо үчүн маанисин белгиледи.
Ошол эле учурда мамлекеттик катчы салттуу кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер жана көркөм өнөр чыгармалары коюлган кыргыз этно-маданий көргөзмөсү, ошондой эле «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук бирикмесинде ачылган кыргыз тил жана улуттук бий боюнча класстары менен таанышып чыкты.
Иш сапардын жыйынтыгында С. Касмамбетов Чикагодогу кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолугушуу өткөрүп, маданий-агартуу демилгелерин колдоо маселелери талкууланды.















