Мали бийликтери Украина менен дипломатиялык мамилени үзүүнү чечти, анткени алар июль айынын аягында Малинин өкмөттүк аскерлеринин колоннасына жана алар тарапта согушуп жаткан Вагнер менчик аскер компаиясынын (МАК) согушкерлерине кол салган туарег уруусунун козголоңчуларын колдогон.
Африка өлкөсүнүн бийликтери Украинанын аракеттери Малинин эгемендигин бузуп, ошондой эле эл аралык терроризмди колдойт деп эсептейт.
Мали Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын (БЧК) өкүлү Андрей Юсов менен Украинанын Сенегалдагы элчиси Юрий Пивоваровдун билдирүүлөрүнө байланыштуу “компетенттүү сот органдарына” кайрылууга ниеттенүүдө.
Мали ошондой эле “чет элдик демөөрчүлөрдүн катышуусу менен жасалган террордук чабуулдарга” жооп катары тилектештик көрсөткөн дос өлкөлөргө ыраазычылык билдирет.
Буга чейин дүйнөлүк маалымат каражаттары Малидеги туарег козголоңчулары менен болгон салгылашууда ондогон “Вагнер” МАКнын согушкерлери өлгөнүн жазган. Кагылышуу беш күнгө уланган.

















