Евробиримдик туура эмес экономикалык өнүгүү стратегиясын жүргүзүп, акырындап Кытай менен Америка Кошмо Штаттарынан артта калуу менен “өлүп калышы мүмкүн”.
Бул тууралуу Франция президенти Эммануэль Макрон Евробиримдиктин келечеги тууралуу Bloomberg агенттигине маек берип жатып айтты.
“ЕБ өлүп калышы мүмкүн. Анткени биз абдан маанилүү учурдун босогосунда турабыз”,-деди ал.
Француз президенти белгилегендей, Евробиримдиктин өнүгүүсүнүн экономикалык модели туура эмес, анткени биримдик «ашыкча көзөмөлдөп, инвестицияны аз жасап жатат». Жакынкы эки-үч жылдын ичинде, эгер ЕБ экономикадагы “классикалык күн тартибин” карманса, ал кошумчалагандай, биримдик АКШ жана Кытай менен болгон атаандаштыкта утулуп калат.
Макрон Вашингтон менен Пекин өндүрүштө да, инвестицияда да Евробиримдиктен жогору турганын айтып, Европа буга тез аранын ичинде чара колбонбосо, анда биримдик башка өлкөлөр менен атаандаша албай калаарын белгилеген.



















