Эл аралык атом энергиясы агенттигинин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Мариано Гросси Израилдин Ирандагы ядролук объекттерге жасаган чабуулдары өлкөдөгү ядролук коопсуздуктун кескин начарлашына алып келгенин билдирди. Бул тууралуу ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка болгон коркунучтарга арналган жыйынында айтты.
Гросси белгилегендей, чабуулдардын натыйжасында Ирандагы ядролук коопсуздук абалы олуттуу начарлаган, бирок азырынча калк үчүн коркунуч жараткан радиациялык агып чыгуулар каттала элек.
Анын айтымында, МАГАТЭ Ирандагы ядролук объекттердин абалын кылдат көзөмөлдөп, кайсы гана кырдаал болбосун ыкчам түрдө кийлигишүүгө даяр.
«Бушер атомдук станциясы — бул өзгөчө олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон ядролук объект», — деди Гросси, станция азыр иштеп жатканын жана анын аймагында бир нече миң килограмм ядролук материал сакталганын кошумчалап.
Гросси ошондой эле акыркы сааттарда аймактагы бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү түздөн-түз ага кайрылып, абалга байланыштуу тынчсызданууларын билдиришкенин айтты.
«Бушер атомдук станциясына жасалган чабуул айлана-чөйрөгө кеңири радиациянын чыгышына алып келиши мүмкүн», — деп эскертти ал.
МАГАТЭ башчысы ошондой эле Тегерандагы Ядролук изилдөө борборуна каршы соккулардын да оор кесепеттерге алып келерин белгиледи:
«Ядролук объекттер эч качан чабуулдардын бутасы болбошу керек. Мындай жагдай радиациянын чыгышына жана андан келип чыккан катастрофалык кесепеттерге, өлкө ичинде гана эмес, анын сыртында да алып келиши мүмкүн», — деди Гросси.
Ал ошондой эле Израилдин аскердик жетекчилеринин Бушер станциясына чабуул жасалганы тууралуу маалымат каражаттарына берген билдирүүсүнө да токтолду.
«Бул билдирүү чындыкка дал келбегени аныкталып, тез арада артка чакыртылды», — деп түшүндүрдү ал.
«Биз Иран ядролук курал жасап жатпаганын катуу эл аралык инспекциялык системанын жардамы менен тастыктай алабыз», — деп жыйынтыктады Гросси.


















