Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси Ирандын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү менен өлкөнүн өзөктүк программасына байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн Тегеранга келди.
Аны аэропорттон Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун (AEOI) өкүлү Бехруз Камалванди тосуп алды.
МАГАТЭнин башкы директору бүгүн эртең менен Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Арагчи жана Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Мохаммад Эслами менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Аракчи Х социалдык тармагында МАГАТЭнин башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн, Тегеран агенттик менен кызматташууну улантып жатканын жана улуттук кызыкчылыктардын негизинде өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок басым астында муну жасабай турганын билдирди.
“Бүгүн эртең менен МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси менен маанилүү жана ачык сүйлөшүүлөр болду. Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге берилген тарап катары биз МАГАТЭ менен толук кандуу кызматташууну улантуудабыз. Пикир келишпестиктерди кызматташуу жана диалог аркылуу чечсе болот. Биз аларды улантууну макулдаштык. Биз улуттук кызыкчылыктарыбыздын жана ажыратылгыс укуктарыбыздын негизинде сүйлөшүүгө ниеттенип жатабыз, бирок кысым же коркутуу менен сүйлөшүүгө даяр эмеспиз», — деп жазды Аракчи.
Ал өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөр маселеси боюнча “топ азыр европалык үчтүктүн колунда” экенин кошумчалады.
МАГАТЭнин башкы директору бул сапарды Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен да жолугушат.
Гросси Тегеранга сапарынан бир күн мурда МАГАТЭнин инспекторлорунда Иран өзөктүк бомба жасап жатканы боюнча эч кандай далил жок экенин айткан.
Ал ошондой эле Ислам Республикасына жасаган сапарынын жүрүшүндө Ирандын расмий өкүлдөрү менен чечилбеген кепилдик маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болот деген үмүтүн билдирген.
Эске салсак, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Ирандын мурдагы маркум президенти Ибрахим Раиси менен тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиандын учак кырсыгынан каза болушуна байланыштуу Иран менен өзөктүк маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү убактуу токтоткон.
МАГАТЭнин башчысы Иранга акыркы жолу 6-7-майда иш сапары менен барган. Анда ал маркум тышкы иштер министри Хоессейн Амир Абдуллахиан, Ирандын Атомдук энергия уюмунун (AEOI) башчысы Мохаммад Эслами жана өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдөгү Ислам Республикасынын делегациясынын башчысы, тышкы иштер министринин орун басары Али Багери Кани менен жолугушкан.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Гросси Иран менен МАГАТЭнин 2023-жылдын 4-мартындагы биргелешкен билдирүүсүн жандантуу боюнча практикалык чаралардын комплексин сунуштаган. Анда Тегерандын агенттикке текшерүү жана мониторинг жүргүзүүгө уруксат берүү ниети, ошондой эле Ирандын үч өзөктүк объектисине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө даяр экени белгиленген. Иран менен МАГАТЭ республиканын “укуктары менен милдеттеринин” жана агенттиктин компетенциясынын негизинде өз ара аракеттенүүнү макулдашканы белгиленген.
Эслами Гросси менен болгон сүйлөшүүлөрдү конструктивдүү деп атап, мындан аркы сүйлөшүүлөргө март айындагы билдирүүнү негиз катары алуу чечими кабыл алынганын айткан.
Өзөктүк келишим
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.
АКШнын президенти Жо Байден Вашингтонду өзөктүк келишимге кайтарууга даяр экенин бир нече жолу билдирген. 2021-жылдын апрелинен бери Россия, Улуу Британия, Германия, Кытай, АКШ жана Франция Венада Иран тарап менен өзөктүк келишимди баштапкы түрүндө калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. 2022-жылдын 10-ноябрында МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Венадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы жыйынтыксыз аяктаганын билдирген.



















