Венесуэланын президенти Николас Мадуро өз өлкөсүнө карата АКШнын аракеттерин сындады.
«Венесуэланын аймагына эч ким кол тийгизүүгө батына албайт, анткени бул биздин жерибиз жана биз аны коргойбуз», — деди Мадуро Вашингтондун Венесуэла жээгине үч аскердик кеме жөнөтүү чечимине комментарий берип жатып.
Президент ошондой эле АКШнын баңги заттарга каршы күрөш саясатын сынга алды.
«Эгерде АКШ баңгизаттарга каршы согуш жарыялагысы келсе, анда аны өз аймагында жүргүзсүн. Колумбия менен Борбордук Американын наркотрафигин ким башкарарын алар жакшы билишет. Ал мафияны токтотушсун», — деп баса белгиледи ал.
Мадуро мындан тышкары, АКШнын башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишкен тышкы саясатын да айыптады.
«Алар терроризм деген шылтоо менен Афганистанга, Иракка жана Ливияга кийлигишти. Эми бизди наркотрафикке айыптап жатышат. Мен аларга айтам: Венесуэланын аймагы таза. Биздин өкмөт, биздин мамлекет жана биздин куралдуу күчтөр таза жана эркин», — деди ал.
Президент АКШнын Кариб деңизине аскердик кемелерди жөнөтүү чечимине да токтолду.
«АКШ Карибде аскердик жайгашууну жүргүзүп жатат. Бирок баңгизаттардын эң чоң бөлүгү Тынч океан аркылуу ташылат», — деп белгилеп, АКШдагы баңгизаттарды колдонуу көйгөйүнө көңүл бурду.
«Тилекке каршы, америкалык коомдо дүйнөдөгү эң жогорку деңгээлдеги баңгизатты керектөө бар. Ошондуктан АКШнын аталган „баңгизаттарга каршы согушу“ — бул ийгиликсиздик. Алар өз элин таштап коюшту, бирок аны дарылап, айыктыруу керек. Чындык — ушунда», — деди Мадуро.
Президент көз карандысыздыкты сактап калуунун маанилүүлүгүн да баса белгиледи.
«Айрымдар бул коркунуч Венесуэлага гана каршы деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул коркунуч баарыбызга каршы. Бирөөгө коркунуч болсо, ал баарына тийиштүү. Венесуэла эркиндик, демократия жана тынчтык үчүн өз күчүн бекемдеп жатат. Биздин моралдык күч эң жогору; биз туурабыз, биз жакшы элбиз жана өз идеалдарыбызды коргойбуз. Бүгүн бизде көз карандысыздык алган учурдан бери эң күчтүү армия бар», — деп белгиледи ал.
Мадуро кошумчалагандай, Венесуэла коңшу Колумбия менен тынымсыз байланышта болуп, наркокартелдерге каршы күрөштө кызматташууга даяр.



















