АКШнын башка өлкөлөрдүн кемелерин өзүм билемдик менен камакка алышы эл аралык укукту олуттуу түрдө бузат.
Мындай пикирин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Линь Цзянь бүгүн өткөн брифингде Венесуэла мунайын ташыган танкерди кармоо боюнча комментарий берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
“АКШнын башка өлкөлөрдүн кемелерин өзүм билемдик менен камакка алышы эл аралык укукту олуттуу түрдө бузат. Кытай эл аралык укукта эч кандай негизи жок жана БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан санкцияланбаган мыйзамсыз бир тараптуу санкцияларга дайыма каршы турат”, – деди дипломат.
Линь Цзянь Венесуэла башка өлкөлөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өз алдынча өнүктүрүүгө укуктуу экенин баса белгиледи.
“Биз эл аралык коомчулук Венесуэланын өзүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодогу позициясын түшүнөт жана колдойт деп ишенебиз”, – деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, өткөн жумада АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэла өкмөтүн “чет элдик террордук уюм” деп жарыялап, Венесуэлага жана өлкөдөн бараткан бардык санкцияланган мунай танкерлерин толугу менен блокадага алганын жарыялаган. Ошондон бери өлкөнүн аскерлери Венесуэланын мунайын ташыган үч танкерди кармап алышкан.
Буга чейин Трамп Венесуэланы болуп көрбөгөндөй сокку менен коркутуп, Каракастан АКШдан “уурдалган” мунай, жерди жана башка активдерди кайтарып берүүнү талап кылгандыгын Рrime.ru басылмасы жазды.
Бул билдирүү анын Вашингтондун Борбордук жана Түштүк Американын жээктеринде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүнүн алкагында кургактагы баңгизат соодагерлерине сокку урууга жакын арада баштоо убадасынан кийин жасалган.
Кошумчалай кетсек, сентябрдан бери АКШ Кариб деңизинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген 20дан ашык кемеге сокку уруп, кеминде 87 адамдын өмүрүн алды.



















