АКШнын Энергетика министрлиги Венесуэланын жээктеринде танкерлердин блокадасы башталгандан кийин сатылбай калган 50 млн баррель венесуэлалык мунайды сатуу боюнча аракеттерди көрүүдө. Биринчи партия сатылды, жакынкы убакта жаңы келишимдер күтүлүүдө, деп билдирди Ак үй.
АКШ Венесуэланын мунайынын жалпы баасы 500 млн доллар болгон биринчи партиясын сатууну аяктады, деп CNN Ак үйдүн өкүлүнө шилтеме кылып билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрдө жана жумаларда жаңы келишимдер күтүлүүдө.
The New York Times басылмасынын булактарына ылайык, АКШнын Энергетика министрлиги декабрда Вашингтон республика жээктеринде санкцияга алынган бардык танкерлерге блокада киргизгенден кийин талап кылынбай калган жалпысынан 50 млн баррель венесуэлалык мунайды сатуу аракеттерин координациялоодо.
«Биринчи сатуу буга чейин эле болду, эми сатуу мөөнөтсүз улантылат», — деп билдирген министрликтин өкүлү басылмага.
АКШ Венесуэлага кол салгандан кийин, президент Николас Мадурону кармап, АКШга алып кеткен соң, америкалык лидер Дональд Трамп Венесуэланын ири мунай запастарын пайдаланууну пландап жатканын билдирди. Ал ошондой эле америкалык мунай компаниялары республиканын энергетикалык секторун калыбына келтирүүгө кеминде 100 млрд доллар инвестициялай турганын айтты.
Бирок тармак өкүлдөрү бул демилгеге скептикалык көз карашта. «Бул долбоорго инвестиция салуу максатка ылайык эмес», — деди ExxonMobil компаниясынын башкы директору Даррен Вудс. Анын айтымында, мындай салымдардан кандай киреше алууга болорун түшүнүү үчүн укуктук жана коммерциялык алкак так аныкталышы керек.
CNNдин булактарынын маалыматына караганда, Трамптын администрациясы мунай компанияларын АКШ Венесуэлада алардын коопсуз иштешин камсыздай алары жөнүндө ынандырууга тийиш. Ак үй республикадагы мунай жана энергетикалык объектилерди коргоо үчүн жеке аскердик компанияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат, деп билдиришти телеканалдын маектештери. Трамп бул максатта армияны колдонуу мүмкүнчүлүгүн четке какпайт, бирок булактардын айтымында, ал узак мөөнөттүү аскердик жайгаштыруу Вашингтон үчүн көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн деп кооптонууда.

















