Тарыхта биринчи жолу «Атомдук саммит» 25-сентябрда Москвада өтөт. Бул тууралуу журналисттерге «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачёв билдирди.
«Президент толук макулдугун берди. [25-сентябрда Москвада] тарыхта биринчи жолу атомдук саммит болот», – деди Лихачёв Россиянын атом тармагынын 80 жылдыгына арналган иш-чаралар программасы тууралуу суроого жооп берип жатып.
Анын айтымында, саммиттин жүрүшүндө Россия Федерациясынын президенти, бир катар улуттук лидерлер, мамлекет жана өкмөт башчылары атомдук технологиялар боюнча маселелерди талкуулашат.
«Биз да бүтүндөй «ядролук үй-бүлө» менен бул иш-чараны күтүп жатабыз. Бардык санкциялык булуттарга жана бороондорго карабастан, биз биримдикти сактап келебиз. Атүгүл АКШ, Франция, Германия сыяктуу ачык эле достук мамиледе болбогон өлкөлөрдүн өкүлдөрү да бизге азыр баары тарайт, баары жакшы болот деп айтып жатышат», – деди «Росатомдун» башкы директору.



















