Францияда толук көлөмдө суу үнөмдөө режимине даярдык жүрүүдө.
Францияда ичүүчү суунун жакындап келаткан таңкыстыгы жөнүндө жарыяланды. Бул тууралуу француз басылмасы Le Monde билдирди.
«Сууга жеткиликтүүлүк: Башкы пландоо комиссариатынын пикиринде, “жарандардын көнүмүш адаттарын түп-тамырынан бери өзгөртүү” “бүгүнтөн тартып” башталууга тийиш, болбосо “олуттуу чыңалуу” жаралат», — деп айтылат макалада.
Комиссариаттын эсеби боюнча, эгер тиешелүү чаралар көрүлбөсө, 2050-жылга карата Франциянын дээрлик бардык аймактары суу менен камсыздоодо кыйынчылыкка дуушар болот.
Учурдагы тенденциялар улана берсе, өлкөнүн 88% аймагында суу тартыштыгы орточо же олуттуу деңгээлде болушу ыктымал. Комиссариаттын адистери суу ресурстарын башкаруу боюнча саясатты түп-тамырынан бери өзгөртүү зарыл деп эсептешет, анткени суу керектөөнү “экономиканын бардык тармактарында” азайткан учурда да, өлкөнүн 64% аймагында суу менен камсыздоо көйгөйлөрү сакталып калат.
Мындан мурда окумуштуулар Жер планетасында суу ресурстары коркунучтуу деңгээлде азайып жатканын эскертишкен.



















