Россия Батыштын Борбордук Азияда үстөмдүк орнотуу аракеттерине кескин каршы. Бул тууралуу РФнын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
Борбордук Азия — РФ жана Борбордук Азия — ЕБ форматтарындагы кызматташтык тууралуу суроого жооп берип жатып, Лавров мындай форматтардагы өз ара аракеттешүү бардык катышуучулар үчүн пайдалуу жана кабыл алынуучу келишимдердин негизинде гана болушу керектигин баса белгиледи.
Ошол эле учурда ал Россия тарап кызматташуу процессин саясатташтырууга жана геосаясий мейкиндиктерде айрым өлкөлөрдүн топтору үстөмдүк кылууга аракет кылган идеологиялык элементтерди киргизүүгө каршы экенин кошумчалады.
Лавровдун айтымында, мындай аракеттер Батыштын Борбордук Азиянын беш өлкөсү менен өз ара аракеттенүү ыкмаларынан айкын көрүнүп турат.
«Айрыкча Европалык биримдиктин мүчөлөрү, Брюсселдеги Еврокомиссиянын жетекчилиги өз күн тартибин бул чөлкөмдө ачык түрдө, айкын антироссиялык багытта жылдырууда», — деди Россиянын ТИМ башчысы.
Лавров мындай жүрүм-турумду «кабыл алгыс» деп атады. Анын айтымында, Борбордук Азия өлкөлөрү Батыш илгерилетип жаткан максаттарды «жакшы түшүнүшөт».
«Ошондуктан биз Борбордук Азия менен тышкы өнөктөштөр ортосундагы кызматташтык процесстери мындай ачык кийлигишүү аракеттеринен, башкача айтканда, ички иштерге кийлигишүүдөн таза болушу керек деп эсептейбиз. Биз муну эч кимге жана эч качан жол бербейбиз», — деди министр.

















