Ирандын тышкы иштер министри Aббас Аракчи АКШнын президенти Доналд Трамптын дарегине катуу эскертүү жасады. Иран дипломатиясынын башчысынын айтымында, Вашингтондун «тез аскердик жеңиш» планы ишке ашпай калгандан кийин стратегиясын өзгөртүү аракети АКШ үчүн дагы оор кесепеттерге алып келет.
Аракчи Ак үйдүн баштапкы эсептөөлөрү — жеңил жана тез аскердик ийгиликке жетүү планы — ишке ашпай калганын белгиледи.
«Сиздин “План А” — тез жана оорутпай турган аскерий жеңишке жетишүү максаты — кыйрады, урматтуу президент. Ал эми сиздин “План Б” мындан да кыйраткыч жеңилүүгө алып келет», — деди министр. Бул тууралуу Islamic Republic News Agency маалымдады.
Маалыматтарга караганда, АКШ жана Израил Ирандын батышында согуштук аракеттерди баштоо үчүн көз карандысыздыкка умтулган күрд күчтөрүн пайдаланууну пландап жатышы мүмкүн экени айтылууда.



















