Кытайлык көз дарыгерлер Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында 317 бейтапка акысыз операция жасашты. Ар бир операциянын наркы орточо 100 миң сомдон ашат, бирок бардык чыгымдар Кытай Эл Республикасы тарабынан толугу менен каржыланды.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кытайлык адистер үстүбүздөгү жылдын 11–22-октябрь күндөрү «Экспресс ден соолук — жаркын саякат» долбоорунун алкагында иш алып барышты.
“Долбоордун негизги максаты — Кыргызстандын түштүк аймагындагы калкка, өзгөчө катаракта жана глаукома менен жабыркаган бейтаптарга жогорку технологиялык офтальмологиялык жардам көрсөтүү”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле «Кытай ден соолук — экспресс фонду» тарабынан Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 17 млн сомдук оптикалык когеренттүү томограф аппараты гуманитардык негизде тапшырылды.
Белгилей кетсек, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы менен Кытай дарыгерлеринин кызматташтыгы үч жылдан бери үзгүлтүксүз уланып келет. Анын алкагында 2023-жылы — 338 бейтап, 2024-жылы — 237 бейтап жана 2025-жылы — 317 бейтап акысыз операция алган.
Оорукананын жетекчилиги жана офтальмология бөлүмүнүн кызматкерлери Кытайдан келген дарыгерлерге ыраазычылык каттарын жана белектерди тапшырып, кошумча үч жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту.
Бул иш-чара Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана калкка жогорку сапаттагы медициналык жардам жеткирүүгө багытталган.



















