Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Украина кризисин жөнгө салуу аракеттеринин фонунда эл аралык коомчулукту Газа тилкесиндеги кырдаалды унутпоого чакырды.
ISNA агенттиги маалымдагандай, тиешелүү билдирүүнү ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин көп тараптуу реформаларды ишке ашыруу жана глобалдык башкарууну жакшыртуу темасына арналган жогорку деңгээлдеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.
“Учурда бардык тараптар украин кризисине тынчсызданышууда, бирок дүйнөдө украин көйгөйү гана эмес, Газадагы жаңжал сыяктуу көптөгөн башка жерлер бар, алар да эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууну талап кылат жана экинчи планга жылдырылбашы керек”, – деди Ван И.
Ал ошондой эле БУУ эки мамлекет – Палестина жана Израилди түзүү боюнча резолюция кабыл алгандан бери 70 жылдан ашык убакыт өткөнүн, бирок азырынча бул чечимдин жарымы гана аткарылганын баса белгиледи.
“Израиль мамлекети эбак эле түзүлгөн, бирок ушул күнгө чейин Палестина элинин өз өлкөсү жок”, – деп кошумчалады Ван И.
Кытайдын тышкы иштер министринин билдирүүсү Сауд Арабиядагы АКШ-Россия сүйлөшүүлөрүнүн башталышы дүйнөлүк маалымат каражаттарынын жана расмий өкүлдөрдүн көңүлүн бургандан кийин айтылды. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кечээки сүйлөшүүлөрдү АКШ-Россия мамилелерин калыбына келтирүү жана украин жаңжалын жөнгө салуудагы маанилүү биринчи кадам деп атап, алардын реалдуу жыйынтыгын күтүү керектигин айткан.
Эске салсак, 15-январда Израиль менен ХАМАС Газада барымтадагыларды бошотуу жана анклавда ок атышпоо режимин киргизүү боюнча макулдашууга жетишкен. Үч этапты камтыган келишим 19-январда күчүнө кирген. Ага ылайык, келишимдин биринчи этабын ишке ашыруу 42 күнгө созулат, бул убакыт аралыгында ХАМАС Израилдин түрмөлөрүндө кармалып турган палестиналык туткундардын ордуна кеминде 33 израилдик барымтадан бошотууга тийиш болгон. Алардын 19у барымтадан бошотулуп, Израилге кайтарылган. Жалпысынан Израиль келишимдин биринчи этабында барымтадагы израилдиктердин ордуна 1904 палестиналык туткунду бошоторун билдирген.
АКШ, Катар жана Египет ортомчулук кылган ок атышпоо келишиминин кийинки этаптарын ишке ашыруу үчүн дипломатиялык аракеттер уланууда.


















