27-майда Кытайдын чыгышындагы Шандун провинциясында жайгашкан химиялык заводдо жарылуу болду, деп билдирет South China Morning Post басылмасы.
«Шандун провинциясындагы химиялык заводдо болгон жарылуу чоң от шарынын пайда болушуна жана асманга түтүн мамыларынын көтөрүлүшүнө алып келди», — деп жазат басылма.
Кытайдын Борбордук телевидениесинин маалыматына караганда, кырсыктан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү жана куткаруу иштеринин бардыгы жүрүүдө. Жергиликтүү өрт-куткаруу кызматтары окуя болгон жерге 55 техника жана 232 куткаруучуну жөнөтүшкөн. Ошондой эле ӨКМ тарабынан улуттук деңгээлдеги куткаруучу топтор да жөнөтүлгөн.
Жарылуу Гаоми шаардык округунда жайгашкан Shandong Youdao Chemical компаниясына таандык объектте болгон. Жарылуунун себеби азырынча белгисиз, жабыркагандардын саны да тактала элек.
Муну менен бирге заводдун жанындагы өнөр жай зонасын өрт чалганы, жарылуудан имараттардын терезелери, дүкөндөрдүн витриналары күбүлүп түшкөнү кабарланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя болгон жерге 50дөн көп транспорт жана 230дан ашуун куткаруучу жөнөтүлгөнүн билдирди.
Кытайлык The Paper интернет-басылмасы жазганына караганда, 300дөй киши иштеген завод “анча уулуу эмес” пестициддерди чыгарат.
Жарылуунун себеби аныктала элек. АФП агенттиги Кытайда өнөр жай ишканаларында коопсуздук стандарттары сакталбай, кырсыктар көп болуп турарын белгилейт. Мисалы, 2015-жылы Тяньцзинь портунда химикаттар сакталган кампада жарылуу болгондо 170тен ашык кишинин өмүрү кыйылып, 700дөйү жабыркаган.
South China Morning Post жазгандай, окуя болгон жердеги тургундар катуу жарылуунун үнүн укканын, анын кесепетинен көптөгөн үйлөрдүн терезелери талкаланып кеткенин билдиришкен.
Shandong Youdao Chemical компаниясы 2019-жылы негизделген. Учурда компанияда 300дөн ашык кызматкер иштейт. Алар пестициддерди, дары-дармек жана башка химиялык заттарды чыгарышат. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, бул компания жылына 11 миң тонна продукция чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен дүйнөдөгү эң ири хлорпирифос пестицидин өндүрүүчү болуп саналат.

















